$ 68.84 - 69.04
€ 76.32 - 77.25

Депутаттын кызы жөнөкөй жаранды каматты дегендер митингге чыкты

978 0

Депутаттын кызы жөнөкөй жаранды каматты дегендер митингге чыкты

Депутаттын кызы жөнөкөй жаранды каматты дегендер митингге чыкты

Митингге чыккандар «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Абдыкапар Султанов жана анын кызы Өлмөскан Султанова жөнөкөй жаран Чолпон Мусакожоеваны алдап түрмөгө отургузганын айткан.

Алардын маалыматына ылайык, Бактияр Жаналиев Султановдун күйөө баласы «Элдик кредит» деген микрокредиттик компания ачат. Мусакожоеваны ишке чакырып: «Сен кол коюп гана отурасын, баарын мен башкарам», — деп сөз берет.

Кийинчирээк бухгалтерлер шектенип жумуштан чыгып кетейин дегенде Мусакожоева биринчилерден болуп туура эмес акча алмашуу жүрүп жаткандыгы тууралуу милицияга арыз жазса, аны күнөлүү деп таап тергөөгө алышат.

«Депутаттын жакындары 10 млн сомду Мусакожоевага илип коюшкан», — дейт митингге чыккандар.

2013-жылдан бери сот жүрүп айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу жогорку соттон үй камагына чыгаруу өкүмү чыккан. Бирок кайрадан камап салган.
Мусакожоеванын апасынын айтымында, эгер сот обьективдүү чечим чыгарбаса өзүн өрттөйт.

Булак: Saat.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->