$ 68.34 - 68.59
€ 80.60 - 81.35

ШИИБ: кармалган үй уурулардын бири аял болуп чыкты

768 0

ШИИБ: кармалган үй уурулардын бири аял болуп чыкты

ШИИБ: кармалган үй уурулардын бири аял болуп чыкты

Бир үйдөн акча уурдашса, экинчисинен телевизор менен кир жуугуч машинаны алып кетишкен.

Борбор калаада эки үйгө уурулукка киргендер кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бул окуяга тийиштиги бар делип бир аял колго түшкөн.

"Милицияга Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну кайрылып, 2-июль күнү кечинде белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип, 4 миң сомун уурдап кеткенин айткан", — деп айтылат билдирүүдө.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун кармап, тергөө иштери жүрүүдө.

Биринчи Май районунан дагы башка үй тонолгон.

"35 жаштагы аял милицияга кайрылып, 3-июлда анын үйүнө кирген уурулар, телевизор менен кир жуугуч машинасын уурдап кеткен айткан", — деп жазылат ШИИБ тараткан билдирүүдө.

Аймактык милиция Бишкек шаарынын 37 жаштагы эки тургунун шектүү катары кармап, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->