Кыргызстанда 60 жыл чогуу жашаган жуптардын үлпөт тоюу өттү

222 0

Кыргызстанда 60 жыл чогуу жашаган жуптардын үлпөт тоюу өттү

Петр жана Анна Чеботоревы жарым кылымдан ашык жашап, чогуу жакшылыкка, жамандыкка да күбө болгон.

Учурда алар неберелүү-чөбөрөлүү болгонго карабай бирин-бири дагы деле сезими өчпөгөндөй жылуу көз караш менен карашат. Экөө бир айылдан болот. Ысык-Көл облусунда төрөлүп, өскөн, согушту, совет бийлигин көргөн эми минтип эгемендүү Кыргызстанды өнүгүүсүнө күбө болуп жатышат.

Петр Андреевич 52 жыл бою партиялык жана коомдук ишмердикте иштеген. Ал эми Анна Ивановна 46 жыл бала-бакчада эмгектенген.

Алардын жашоодогу урааны: «Сабыр жана эмгек менен баарын жеңсе болот». Ушул ураанды азыркы жаштарга кеңеш катары айтат.

Экөөнүн 3 баласы 5 небереси жана 3 чөбөрөсү бар. Балдары чоңоюп бири Германияда, бири Орусияда. Бирок өздөрү Кыргызстандан кетүүнү каалаган эмес.
Эки жаштын бриллиант үйлөнүү-үлпөт тоюнда неберелери күбө кол койду.

«Кудай берсе 60 жылдыгыбызды өткөрүп алдык, 70 жылдыгыбызды дагы өткөрөбүз», — дейт эки жуп.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үйлөнгөндөргө жаңы үлгүдөгү нике күбөлүгүн жана 1 жаштагы Айдинге жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшыруу аземин уюштурду.

Кыргызстанда 60 жыл чогуу жашаган жуптардын үлпөт тоюу өттү

Кыргызстанда 60 жыл чогуу жашаган жуптардын үлпөт тоюу өттү

Кыргызстанда 60 жыл чогуу жашаган жуптардын үлпөт тоюу өттү

Кыргызстанда 60 жыл чогуу жашаган жуптардын үлпөт тоюу өттү


Булак: Saat.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->