Улакчы жигиттин чилдеде суудан улакты издеген видеосу талкууга түштү (Видео)

745 0

Улакчы жигиттин чилдеде суудан улакты издеген видеосу талкууга түштү (Видео)


Улакчы жигит Куттубек Ташыбековдун чилдеде тоңуп турган сууга түшүп кеткен улакты алып чыкканы Интернетте кызуу талкууга алынууда. Окуя 11-январда Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда болгон. Интернет колдонуучулардын айрымдары муну эрдик катары бааласа, башкалары анын ден соолугуна кызыгышууда.

Куттубектин жубайы Бегимайдын "Азаттык" үналгысына айтканына караганда, жолдошунун саламаттыгы жакшы:

- Азыр анын ден соолугу жакшы, бүгүн адаттагыдай эле жумушуна кетти.

Куттубек Ташыбеков күнүгө Казакстандын аймагына барып-келип иштейт. Ал көк бөрү учурунда чөнтөк телефонун сууга түшүрүп алгандыктан, өзү менен байланышуу мүмкүн боло элек.



Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->