Анжелика күйөөсү менен ажырашат

1782 0

Анжелика күйөөсү менен ажырашат


Кыргызстандагы белгилүү ырчылардын бири Анжелика Бекболиева күйөөсү менен ажырашат. Соттук отурум 29-январга белгиленди деп жазат kabarlar.org сайты.

Маалыматка таянсак, Анжелика өзү ажырашуу тууралуу сотко кайрылган.
7-январь күнү “Инстаграм” социалдык тармагында ырчы Анжелика күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүргөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Учурда Анжелика чет өлкөдө "Бактылуу айым" долбоорунун негизинде жүрөт. Инстаграмдагы баракчасына
"Ызылдашпай тургула! Кайдан шамал келгенин, ким баштаганын жакында билесиздер. Маалымат жетиштүү. Жыйынтык чыгарбай тургула. Акылы жокко теңелип-келесоо болбой эле коёюн!", - деп жазган.


Эске салсак, ырчы айымды өткөн 2017-жыл жалаң ушак-айыңдар коштоду.

Булак: bulak.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->