$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Калпак кийип модага чыккан ит боюнча уюштуруучулар түшүндүрмө берди

2159 0

Калпак кийип модага чыккан ит боюнча уюштуруучулар түшүндүрмө берди


Интернетке тараган калпакчан иттин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын кызыл чеке түшүрдү. Жаныбардын сүрөтү Бишкекте өткөн Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсүндө тартылганы маалым болду.

Социалдык тармакка калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан иттин сүрөтү интернет колдонуучуларын дүрбөлөңгө салды. Алар жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизүү жат көрүнүш экенин айтып, нааразы болушууда.



Айрымдар иш-чаранын уюштуруучулары элден кечирим сурашы керек десе, дагы бири мамлекеттин символикалары туу, герб жана гимн сыяктуу эле калпак дагы мыйзам менен корголуп, аны итке кийгизгендер жазаланышы керектигин жазып чыгышты.

“Улут!” деп көкүрөгүңөрдө намысы бар жигиттер, кыздар барсыңарбы?!
Миң жылдап кастарлап кийген ак калпакты минтип итке кийгизип жатышат. Мамлекеттин симвликасы: туу, герб, гимнди мазактоого мыйзамда жол берилбейт. Ошол сыяктуу ак калпак да кыргыз үчүн ыйык жана сыймык. КР атайы “ак калпак күнү” белгиленет. Сүрөттөгү кыз чет элдик глобалистердин камчысын чапкан же манкурт аял. Эмне болсо да бул аял, жана башкалар жазаланыш керек!
Бийликтин-УКМКнын көңүлүн бурдуруп, чуу салып буларды таптырыш үчүн Фейсбуктага барагыңарга ар бириң салгыла. “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” кылбай.


Ызы-чуу жараткан бул көрүнүш боюнча сынактын уюштуруучуларынын бири болгон Bishkek Park соода борборунун маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

“Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсү 22-декабрда Bishkek Park соода борборунда өткөн. Мода көргөзмөгө 17 ит катышып ар түрдүү жаңы жылдык формалар менен чыгышкан. Натыйжада биринчи орунду моряк образындагы “Хаски” породасындагы ит алса, экинчини “Кара Жорго” деп аталган улуттук форма менен чыккан “Япон акитасы” тукумундагы ит ээледи. Ал эми Россиянын мурунку аскер кызматкерлеринин (Гусары) образын жараткан “Кламбер-спаниель” породасындагы итке үчүнчү орун ыйгарылды”, — деп маалымат кызматынан билдиришти.


Ал эми Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аталган соода борбордун маркетинг жана PR менеджери Батма Казакбаева менен байланышканда, ал элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.

“Ар бир катышуучу жаныбарына өзү каалагандай костюм тигип кийгизген. Бул кыздын дарегине туура эмес сөздөрдү айтууну токтотууну суранабыз. Анын эч кандай жаман ою жок болчу. Тескерсинче иттин ээси өзү кыргыз шөкүлөсүн кийип чыгып, кыргызча сүйлөп “кара жорго” бийин бийлеген. Туура кабыл алууңуздарды өтүнүү менен кечирим сурайбыз!” — деди Казакбаева.

Ал ошондой эле мындай өтүнүчүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына дагы жарыялады.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->