$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

«Тумак-сумагың менен башыңды жулуп алам! Шакал»: ЖКККБдин кызматкерине баш ийбеген айдоочу кармалды (видео)

3249 0

«Тумак-сумагың менен башыңды жулуп алам! Шакал»: ЖКККБдин кызматкерине баш ийбеген айдоочу кармалды (видео)


Нарын шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерине баш ийбеген айдоочу кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2017-жылдын 21-декабрь күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Нарын ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын сержанты К.А. менен ошол эле кызматтын кызматкери, милициянын кенже сержанты Р.У. дислокациялык баракчанын негизинде Нарын шаарынын С.Орозбаков көчөсү менен Шулер көчөлөрүнүн кесилишинде (борбордук базар) кызматтык милдетин аткарып жатышып, автоунаа токтоого тыюу салынган белгисине (жолдо жүрүү эрежелеринин 3.27 белгиси) баш ийбей токтоп турган «Тойота-Гайа» үлгүсүндөгү автоунаасынын жанына А.К. барып, айдоочуга өзүн тааныштырып, тиешелүү документтерин талап кылган.

«Бирок 1977-жылы туулган Б.Б. аттуу айдоочу А.К.нын мыйзамдуу талабына баш ийбей, маданиятсыз сөздөр менен сөгүп, автоунаасынан түшө калып, өтүп жаткан элдерди көзгө илбей, жакалап, төш тарапка уруп жиберген. Жыйынтыгында тескөөчүнүн видеорегистратору талкаланып, кийген формасы айрылган. Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн айдоочу мас абалында болгондугун текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми бул окуянын күбөлөрү көрсөтмө берип жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат



Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->