$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Жээнбеков Казакстанга жана Орусияга барат

247 1

Жээнбеков Казакстанга жана Орусияга барат


Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрь күндөрү казак тараптын чакыруусу менен Астанага расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында Жээнбековдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен чакан чөйрөдө жолугушуусу пландалууда. Андан тышкары кеңири форматтагы жолугушуу болуп, лидерлер ЕАЭБдин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Андан соң Жээнбеков 26-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барып, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

«Бейформал жолугушуунун алкагында эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот деп күтүлүүдө», - деди Айзада Субакожоева.

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Sergey1994 Storm1kkk
Sergey1994 Storm1kkk 11.01.2018


Cкачать мод пак для farming simulator 2015
https://farming-simulator-2011.ru/news/ckachat_mod_pak_dlja_farming_simulator_2
015/2018-01-05-25

-->