$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Таластагы мушташтан өлгөн баланын атасы: Алини тапанча менен кара кушка урган экен

753 0

Таластагы мушташтан өлгөн баланын атасы: Алини тапанча менен кара кушка урган экен


Таластын Манас районуна караштуу Покровка айылында 12-декабрдан 13үнө караган түнү өспүрүмдөрдүн ортосунда жаңжал чыгып, бир бала каза болгон.

Таластын Покровка айылындагы окуучулардын мушташуусунан каза болгон өспүрүмдүн атасы Жандар Нурманбетов укук коргоо органдарынын ишине канааттанбай жатканын билдирип Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

Белгилей кетсек, Талас облустук ИИБдин билдиришинче, 12-декабрдан 13үнө караган түнү Манас районунун Покровка айылында 15 өспүрүмдүн ортосунда жаңжал чыккан. Мунун кесепетинен 16 жаштагы Али Жандар уулу башынан жаракат алып каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип 15 жаштагы өспүрүм кармалган. Бирок Манас райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Ал эми жабырлануучу тарап 9-10-11-класстарда окуган Бала-Саруу жана Покровка айылынан 70ге чукул бала чогулуп жаңжалдашканын айтат. Али балдарды мушташпоого чакырып ортого чыкканда кылмышка шектелип жаткан бала аны тапанча менен кара кушка урган дешүүдө.

Баланын атасы Жандар Нурманбетовдун айтымында, Али окуядан бир жума мурун чоң атасынын үйүнө конокко барган. Ал жаракат алгандан кийин ооруканада бир суткадан ашык жатып 14-декабрда үзүлгөн.

"Окуя тууралуу 16-декабрда сот отуруму болуп шектүүнү үй камагына чыгарып жибериптир. Ал тууралуу мен эртеси билдим. Бизден эч кимди сотко катышкан жок. Андан тышкары, аймактык тескөөчүлөр окуянын күбөлөрүн башкача мүнөздө көрсөтмө берүүгө үндөп жатыптыр. Мындан улам тергөөчүлөр менен соттордун ишине канаттанбай жатам. Буга байланыштуу облустук прокуратурага кайрылдым", — деди Нурманбетов.


Бул боюнча Жогорку соттун маалымат кызматы учурда ал иш Талас облустук сотуна өткөнүн билдирди.

"Шектүүнүн баш коргоо чарасы Манас райондук сотунда каралган. Соттун чечимине ылайык ал өспүрүм куракта болгондугуна байланыштуу тергөө иштери бүткөнчө үй камагына чыгарылды. Жабырлануучу тараптын сотко катышпай калганы мыйзамдуу көрүнүш. Бул ишти мындан ары облустук сот карайт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Талас ОИИБдин маалымат кызматы учурда тергөө жүрүп жатканын айтып, териштирүү иштери соңуна чыккандан кийин окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат бериле турганын билдирди.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->