$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

КЫЯНБЕК КАЛПКА ЭМЕС, КАЛККА КӨҢҮЛ БУРАТ!

997 0



Өткөн жолу Жалал-Абад облусунун губернатору Кыянбек Сатыбалдиев тууралуу материал жарыялаганбыз. Материал жарыялангандан кийин Кыянбек Сатыбалдиев өзү биз менен байланышып, анда жазылган маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын, өзүн жакын досумун деп атаган Алымбек Асанов эч качан жакын досу болбогонун, так эмес маалыматтарды анын оппоненттери таратып жаткандыгын билдирди.
Макалада айтылгандай губернатордун жогорку билими тууралуу диплом жасалма эмес, өз күчү менен окуп алгандыгын, мындан башка дагы бир жогорку билимге ээ болгон диплому бар экенин ырастады. Жалал-Абад облусунда жасалып жаткан алгылыктуу иштер фактылар менен далилденип, губернатордун аракеттерине кээ бир адамдардын берген баасы эмес, жөнөкөй жарандардын берген баасын угууга чакырды.
Өзү жөнүндө жарыяланган маалыматка оперативдүү реакция жасоону дал мына ушул Кыянбек Сатыбалдиевден башка жетекчилер дагы үлгү алса болчудай.
Кыянбек Сатыбалдиев өзү жана облустагы жетишкендиктер тууралуу баардык маалыматтар боюнча билүүнү каалаган журналисттерге эшиги ачык экенин кошумчалады. Оппоненттери таратып жаткан маалыматтар эчак иликтенип, өзүнүн эч кандай “калбыры” жок экенин, эгер каалагандар болгон болсо дагы бир жолу иликтеп чыгууга өзү көмөктөш болорун баса белгиледи. Бизге макалада айтылган дооматтарды төгүндөө боюнча далилдүү документтердин көчүрмөсүн көрсөтө алды.


Кенжебек Казаков

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->