$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Президенттин кортежи өтүп баратканда жол толугу менен жабылбай турган болду

1019 0

Президенттин кортежи өтүп баратканда жол толугу менен жабылбай турган болду


Президент Жээнбеков башкаларга жолтоо болбоо үчүн эрте чыгып, ишке саат 7:45те келет

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кортежи менен өтүп баратканда жолду толугу мене жабууга тыюу салды. Мындан ары Манас проспектиси президент өтүп баратканда толук жабылбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КР президентинин аппаратынан билдиришти.

Буга чейин активист Улан Жумаков Facebook баракчасына Жээнбеков мамлекеттик резиденциядан Ак үйдү көздөй жана башка иш чараларга бара жатканда жолду толугу менен жабууну жокко чыгарганын билдирген. Социалдык тармактын колдонуучулары бул демилгени колдошкон.

Булактын билдиришинче, мамлекет башчысы жолду бөлүп-бөлүп жабуу боюнча тапшырма берген.
Сооронбай Жээнбеков президенттикке киришкенден бери жумушка саат 7:45те келери коомчулукка белгилүү болгон.

Бирок эртең менен дал ушул учурда эл балдарын мектепке, бала бакчага алып баргандыктан президент өтөт деп тосулган жол бир топ жолтоо болуп келгенин билдиришкен.

Андыктан жарандардын ыңгайлуулугу үчүн президент жолду толугу менен эмес, бөлүп-бөлүп жабууну буюрган. Ошондой эле кортеж өтүп баратканда жолдун каршы тилкесине чектөө киргизилбейт.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->