$ 68.12 - 68.35
€ 79.04 - 80.12

18 жаштагы кыз тукумсуз кишини "Зордуктап, боюма бүтүрдү" деп арыз жазган

2860 0

18 жаштагы кыз тукумсуз кишини "Зордуктап, боюма бүтүрдү" деп арыз жазган


Бишкекте 18 жашар кыз 40 жаштагы кишини зордуктоого күнөөлөп, арыз жазган. Аталган жаран азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 40 жаштагы Мирлан Иманалиевдин жубайы Жазгүл Молдобекова окуянын чоо жайын «Вести.kg» маалымат агенттигине айтып берген.

Анын айтымында, арыз жазган кыздын аты Адинай. Ал психикалык жактан ооруп жүргөн кыз экен.

“Менин жолдошум Мирлан 40 жашта. Ал Бишкектеги ресторандардын биринде 5 жылдан бери айдоочу болуп иштеп жүргөн. 1,5 жыл мурда Мирлан иштеген ресторанга Адинай аттуу кыз идиш-аяк жуугуч болуп жумушка кирген. Адинайдын кесиптешинин айтымында, ал психикалык жактан көптөн бери ооруп жүрөт. Ушул жылдын жаз айында Адинай менин күйөөмдүн үстүнөн зордуктоо боюнча арыз жазган. Адинай банкет болгон күндөрү эле жумушка чыкчу. Ал ресторандан алыс эмес жерде жашагандыктан, үйүнө жөө кетип жүргөн. Ошол түнү ал менин жолдошумду үйүнө жеткирип коюуну суранган. Эртеси күнү Мирланды кармап кетишти. Ал убакытта Адинай 17 жашта болчу. Ал “Мени Мирлан Иманалиев панорамага алып барып, сабап, зордуктап салды деп арыз жазган”, - деп айтып берген Жазгүл.

Жазгүл жана ресторандын кызматкерлери мындай окуяга ишенишпейт.
Ресторанда иштеген кызматкерди айтымында, Мирлан Иманалиев биринчи ашпозчуларды үйүнө алып барып, андан кийин Адинайды жана дагы бир кызды үйлөрүнө алып барып койгон. 20 мүнөттөн кийин кайра келип, кесиптештери менен карта ойногон. Ош күнү Адинайдын туугандарынын айтымында, ал үйгө түн жарымда келген. Анын кийимдери айрылып калган. Адинай аны бирөө зордуктаганын айткан. Мирлан 20 мүнөттө Адинайды панорамага алып барып, зордуктаганга жетишмек эмес.

Алар экөө тең (Адинай, Мирлан ) анализ тапшырышкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, Мирландын зордуктоого тиешеси жок экендиги аныкталган.
Жайында Адинай Мирлан Иманалиевдин үстүнөн дагы арыз жазган. Ал өз арызында, эки бала аны күчкө салып унаага салып уурдап кетишти, ал балдарды Мирлан Иманалиев жиберген деп жазган. Ал арыздын негизинде Мирланды милиция кызматкерлери 30-октябрда кармап кетишкен.

9-декабрда соттук отурум болгон. Адинайдын туугандары аны кайра 5-декабрда Мирландын адамдары уурдап кетишип, димедрол менен наркотик беришип, поездин астына ыргытып жиберишкен. Бирок, Адинай аман калды деп айтып жатышат. Адинайдын апасы кызымдын боюнда бар, ал Мирландан зордуктагандан кийин боюнда болуп калган деп айтып жүрөт экен. Менин күйөөм тукумсуз. Экөөбүздүн ортобузда бала жок. Биз балабызды асырап алганбыз. Адинай соттук отурумга келбегендиктен, сот улам жылып жатат. Алар сүйлөшүүгө макул болбой жатышат”, деп айтат Мирландан Иманалиевдин жубайы Жазгүл Молдобекова.


Булак: fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->