$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Ахматбек Келдибеков кайрадан Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды

427 0

Ахматбек Келдибеков кайрадан Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды


Ахматбек Келдибеков кайрадан 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, 19-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын отчёттук-шайлоо жыйыны өткөрүлгөн. Анда президенттик орунга 1 кандидатура чыгарылган. Жыйынга катышкан 50 өкүл бир добуш менен Ахматбек Келдибековду федерациянын президенттигине шайлашты.

Андан тышкары Улан Молдодосов Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти кызматына шайланды. Буга чейин бул кызматты Каныбек Осмоналиев аткарган.

Айта кетсек, Ахматбек Келдибеков Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетика федерациясынын президенти кызматына алгачкы жолу 2009-жылы шайланып, 2012-жылы кайрадан шайланган. Эми Ахматбек Келдибеков 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына чейин федерациянын президенти кызматын аткарат.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->