$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

"Ош" аэропортунан жалган күбөлүк менен баланы алып чыгууга аракеттенген аял кармалды

700 0

"Ош" аэропортунан жалган күбөлүк менен баланы алып чыгууга аракеттенген аял кармалды


Кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди

"Ош" аэропортунан Ош — Москва каттамы боюнча учуп жаткан аял кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жасалмалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, 59 жаштагы аял көзөмөл өткөрүү пунктунан 7 жашар кыздын атына жасалмаланган документти көрсөткөн.

"Аял мындай кадамга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын жоготуп жибергендиктен улам барганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.


Тийиштүү документтер толтурулган соң аял УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->