АКШ Рамзан Кадыровго санкция салды

808 0

АКШ Рамзан Кадыровго санкция салды


Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго каршы каржылык санкцияны Магнитски мыйзамына ылайык киргизди.

Бул ирет санкциялык тизмеге аны менен кошо дагы төрт орусиялык кошулду.

Рамзан Кадыровго жана дагы бир чеченстандык адамга санкция “адамдын эл аралык жактан таанылган укуктарын одоно бузганы” үчүн салынган.

“Биз Магнитски мыйзамын Орусияда адам укуктарын одоно бузгандарга, анын ичинде адамды сотсуз өлтүргөндөргө, кыйноого алгандарга, жеке көрүүгө татырлык башка аракеттерге баргандарга каршы агрессивдүү чара көрүү үчүн пайдаланууну улантабыз,- деп белгиледи АКШ Каржы министрлигинин санкциялар башкармалыгынын директору Жон Смит.

Вашингтондон түшкөн бул жаңылыкка азырынча расмий Москва же Чеченстандын бийлиги өз реакциясын билдире элек.

Чеченстанда ондогон кумсалар полиция тарабынан кармалып, кыйноого алынып, кемсинтүүгө кабылганын быйыл жыл башында биринчи жолу “Новая газета” жазып чыккан эле.

Кийин “Хьюман Райтс Уочт” уюму кумсаларга каршы өнөктүктү Чеченстандын бийликтери көрсөтмө берип, жүргүзгөнүн билдирген.

Кадыров өзү бул көрүнүшкө тиешеси бардыгын четке каккан.

Магнитски мыйзамы АКШда 2012-жылы адам укуктарын бузууга тиешеси бар орусиялыктарды жазалоо үчүн кабыл алынган.

Ал мыйзамдын негизинде түзүлгөн кара тизменин коомчулук үчүн ачык бөлүгүнө азыр 49 адам киргизилген.

Анын жашыруун бөлүгүндө да белгисиз сандагы адамдар бар деп болжолдонот.

Санкциялык тизмедегилер каржылык жана саякат жагынан ар кандай чектөөлөргө кабылышат.

АКШ мыйзамы 2009-жылы Орусиянын түрмөсүндө каза тапкан юрист Сергей Магнитскинин ысымы менен аталган.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->