$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

КММАда усулдук семинар өтүп жатат

167 0


Бүгүн, 2017-жылдын 20 -декабрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында “Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо” аттуу усулдук семинар өтүп жатат.

Аны кыскача кириш сөз менен ЖОЖдун проректору, профессор Кеңешбек Ырысов ачты. Семинардын ишине катышып жатышкан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү семинардын ишине ийгилик каалап сөз сүйлөштү.

Семинардын жүрүшүндө “Элдик педагогикалык ыкмаларды сабактарда колдонуу өзгөчөлүктөрү” аттуу баяндама окулат. Андан кийин баланы бишикке бөлөө, элдик медицина жана анын тарыхы боюнча көрсөтмөлүү сабактар өтүлөт. Семинардын катышуучуларына Мамтил улуттук комиссиясынын ыктыярчылар тобуна Медакадемиядан кошулган студенттер тааныштырылат.

Ал эми билим берүү-илимий иш-чаранын аягында анын жигердүү катышуучуларына тастыктамалар тапшырылышы күтүлөт.




Пазылов Абибилла
КММАнын басма сөз катчысы

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->