Жанар Акаев: НТСти тартып алуу аракети бул - баскынчылык

548 0



Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу НТС тууралуу пикирин жазып чыкты.

НТСти тартып алуу аракети бул-баскынчылык

Эгерде азыркы өкмөт башчы мурдагы жетекчиси Максим Бакиевдин рейдерлик жол менен каалаган мүлктү басып алуу саясатын улантам десе, терең жаңылышат. Мыйзамды одоно бузуп бийликти сындап келген “Сентябрь” телеканалын жабышкан, эми анча мынча өкмөттү сынга алган НТС телеканалына көз артып, рейдерлик жол менен тартып алганы турушат. Буларда дароо арыз жаза койгон “маевскийлери” ар дайым пайда боло калышат тура. Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, мыйзамды тебелеп, сөз эркиндигин чектеген адамдар эч качан таза коомду кура албайт. Таза коом деген мектепке интернет тартып коюуу же планшет көтөрүп калуу эмес, таза коом куруш үчүн биринчи кезекте адилеттүү система куруу зарыл. Бүгүн НТСти тартып алса, эртең кезекте дагы эмне?


Эске салсак Октябрь райондук сотунун чечими менен НТС телеканалын жабуу иштери башталган...

KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->