$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Бөкөнбаев айылында белгисиз жандык койлорду өлтүрүп, адамдарга кол салууга аракет кылды

903 0

Бөкөнбаев айылында белгисиз жандык койлорду өлтүрүп, адамдарга кол салууга аракет кылды


Тоң районунун Бөкөнбаев айылында малга белгисиз жандык кол салып жатат. Короолордогу бир нече баш мал жабыркады, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

18-декабрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Тентимишев Дүйшөн өзүнүн короосундагы 8 баш койду ичтери жарылып, куйруктары жулунган абалда көргөн. Анын ичинен 4 кой өлгөн. Ал иттер сарайдын терезеси аркылуу кирип, кайра терезе аркылуу чыгышканын айтууда.

Ошол эле айылдын тургуну Абдумусаева Мээрим жолдошу экөө окуядан бир күн мурун эки чоң ит короого кирип, малга кол салып жатканын көрүшкөн. Анын айтымында, ал иттер жолдошуна дагы кол салууга аракет кылган.

Мээримдин жолдошу Кедейматов Кубатбектин айтуусунда, ал иттерди көргөн.

«Түнкү саат 03:00 чамасында жубайым ит үрүп жатканын айтып ойготту. Эшикке чыксам короодогу койлордун ичинен экөөнү жарадар кылып, бирөөнү басып алып жеп жатышыптыр. Мен кубаласам мага дагы айбат көргөздү. Койду жеп жаткан жандыктар итке окшош болчу. Бирок үйдө багылган иттен айырмасы бар, орто бойлуу экен. Бирөөнүн өңү саргыч кызыл болсо, экинчиси кара көгүш болчу.

Мындай окуя биринчи эле жолу эмес. Сентябрь айында 1 козуну союу үчүн камдап койсом түнкүсүн ичин жарып жеп кетишиптир. Акыркы 1 айдын ичинде кошунабыздын короосуна да кол салуу болуп, 2-3 баш коюн жарып кетиптир. Бизден кийинки көчөдөгү кошунанын короосундагы 15 койго кол салышкан», - деди К.Кедейматов.

Анын айтымында, бул тууралуу айыл өкмөткө билдирген. Анын арызынан кийин 3-4 күндөн бери ит атуучу атайын кызматкерлер жолбун иттерди атып жүрүшөт. Азырынча малга чөө же ит кол салып жатканы белгисиз.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->