Кайрат Нуртас: "Мен аны катуу сүйөм, андан башка мага эч ким керек эмес"

5127 0

Кайрат Нуртас: "Мен аны катуу сүйөм, андан башка мага эч ким керек эмес"


Күз мезгилинде 10 жыл жашырып жүргөн аялын эл алдына алып чыккан Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртас аялынын катышуусундагы киного 350 миң АКШ долларын коротконун айтты.

Маалыматтарга караганда, "Арман" аттуу фильмди Кайрат жубайы Жылдызга арнаган.

Ырчынын берген маалыматында, аталган кинодон кийин Жылдызга ар тараптан сунуштар түшкөн.

"Белгилүү кинорежиссерлордон Жылдызга сунуштар түштү, бирок мен аны жиберген жокмун. Себеби Жылдыз менин кинолорума гана тартылат. Мен Жылдыздын башка актерлор менен махабат ролун жаратуусун каалабайм. Үй-бүлөбүзгө бир жылдыз жетет" - деп билдирген Кайрат.


Ошондой эле ырчы мырза, жубайын катуу сүйөөрүн, андан башка эч ким керек эмес экендигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->