$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

29 жаштагы келин чогуу жашаган кишисин бычактап өлтүрдү

1049 0

29 жаштагы келин чогуу жашаган кишисин бычактап өлтүрдү


Бишкек шаарында чогуу жашаган кишисин бычактап өлтүргөн 29 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Казанская көчөсүндө үй-бүлөлүк жаңжал чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам иликтөө тобу барып, зомбулук менен өлтүрүлгөн эркек кишинин денесин табышкан.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон киши жана кармалган аял бирге жашаганы жана алардын ортосунда кайым айтышуу болгону аныкталды. Кайым айтышуудан кийин каза болгон киши аялды чаап жиберген. Ал эми, шектүү бычак менен анын көкүрөгүнө сайган.

Ленин РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтрүү) негизинде кылмыш иш козгоду. 1988-жылы туулган шектүү Р.З. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->