СУРМА: «Тишим кыйшык экенин өзүм деле билем»

910 0



2010-жылы “Таалай элеси” тобу түзүлүп, «Жүрөк сыры» аттуу ырынын кайрыктарын билбеген кыргыз жок эле. Кийин ал топтун иши солгундай түштү да, көп убакыттан кийин топтун солисти Тотомидин Жолдошев Сурма аттуу кыз менен ырдап чыга баштады. Андан бери Сурма топтун солисткасы болуп иштеп жатканына эки жылдын жүзү болду. Анын жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.

– Саламатсызбы, Сурма, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Мен 1994-жылы төрөлүп, Чаткалдын таза жайлоосунда өскөн кызмын. Атам комуз чертет, апам ырдайт, карапайым эле адамдар. Кээде мени бешикке бөлөп коюп, ыр кеселерге кетип калышчу экен. Үйдө беш бир туугандын эң кенжеси, менден улуу эки байкем жана эки эжем болгондуктан эрке кыз болуп өстүм. Турмушка чыкканыма эки жылдын жүзү болуп калды, Айбийке аттуу кыздын энеси болдум.

– Ырдап чыгуу балалык кыялыңызбы?

– Ооба, бала кезимден бери эле келе жаткан көксөөм. Бала чагымда теленин аркасына кирсең эле ырдап чыгасың деген ой бар болчу. Артист көйнөгүмдү кийип алып сыналгынын артына өтүп: “Мен азыр ырдайм, көргүлө”, - дей берер элем. Атам чабан болгондуктан жайлоого көп чыкчубуз. Мен жок болуп калганда эле таштын үстүндө жемпиримди белиме кыйшайтып байлап, чачыма гүлдөрдү тагып алып өзүмө-өзүм концерт коюп берип жаткан жеримден таап келишчү. Мектепте окуп жүргөн кезде маданий иш-чараларга активдүү катышып, алып баруучу, уюштуруучу дагы болуп жүрдүм. Жети жашымдан эле комуз менен элдик ырларды аткарып жүрдүм. Район аралык конкурстарга катышчумун. Эң биринчи жолу Роза Аманованын «Ооган ыры» дастанын айтып үчүнчү даражадагы диплом алгам. “Олжобай менен Кишимжан” дастанын да айтып элдин баарын ыйлаткам. Азыр деле айылга барсам дастан айтып беришимди суранып калышат.

– Топко эмне болуп келип калдыңыз?

– Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин беш жылдык элдик ырлар бөлүмүн аяктагам. 4-курста окуп жүргөн кезде Таалай Бектурганов агабыздын элесине арналып уюштурулган концертке мен дагы барып, элдик ырларды комуздун коштоосунда аткаргам. Ошондо Тотомидин таякем топко кирүүнү сунуштаган. Мен дароо эле макул болгом. Мен топтун үчүнчү солисткасы болуп иштеп жатканыма эки жылдын жүзү болот.

– Ага чейин эмне менен алек элеңиз?

– Топко киргенге дейре мен Борончу Кудайбергенов, Жакут Сыдыков агаларым менен биргеликте гастролдоп жүрчүмүн. “Сахна деген оңой эмес, анын башкача сүрү болот, татаал жолду тандап жатасың”, - деп апамдан кийинки айткан адам Борончу агам болгон. Андан тышкары вокал жана комуздан балдарга сабак берүү менен алектенип келем.

– Кайын журт, жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай карайт?

– Жолдошум чыгармачылыктан алыс болуп, музыкалык билими жок болсо дагы мени колдоп, керек жерден сын айтып турат. Концерт, той-топурларга өзү алып барып келет. Айрым бир себептер менен эле жанымда болбой калбаса, калган учурда дайыма чогуубуз. Кайын журтум кызымды алып калып, өздөрү концерттерге жиберет. Анткени кайын журтумда да таланттуу адамдар бар.

– Сын пикирлерди кандай кабыл алып жатасыз?

– Ар бир адамдын ою баалуу. Терс пикирлерге көңүл бурбайм деп айткандан алысмын. Окуп туура кабыл алганга аракет кылам. Кээ бир чектен чыгып кеткендерге теңелип өз сыйымды кетиргенден деле пайда жок. Мага көп айтылган сындардын сап башында тишим менен кийимим турат. Тишим кыйшык экендигин өзүм деле билем, экрандан байкалат. Башкалар деле кыйшык тиши менен адак-даңкка жетишип жатпайбы. Мен деле убагы келгенде тишимди оңдотом.

– Стилист менен иштешпейсиңби деген сунуштар да арбын го?

– Стилист, менеджер, продюсер дегендер менен башында иштешчүбүз. Азыр алардын ролун өзүбүз аткарып жатабыз. Төрөгөнүмдөн кийин үйдө отуруп калдым да. Бүгүнкү күндө стилист менен иштешүү үчүн келишим түзүп жатабыз. Буюрса, жаңы 2018-жылы жаңы образ, стиль менен чыгам.

– Өзүнчө ырдап чыгуу планда барбы?

– Өз алдынча ырдап чыгуу оюмда бар. Бул оюмду таякем деле колдойт. Кийинчерээк эстрада эмес, фольклор жаатын алып кетүүнү ойлоп жатам. Анан да жакында эле таякем экөөбүз өзүбүздүн кыздарыбыз Айбийке менен Соозайга арнап «Ай кызым» деген чыгарма жараттык. Жаз айларында дал ушул ырга кыздарыбыздын катышуусунда клип тарталы деп жатабыз. Андан кийин гастролдоого чакыруулар көп түшүп жатат, облустарга чыккандан соң, балким, жеке отчёттук концертибизди беребиз.


Булак: lady.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->