$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Россиялык Тома жеңени кайын журту кыргыздын 100 кызына алмаштырбайт

1489 0

Россиялык Тома жеңени кайын журту кыргыздын 100 кызына алмаштырбайт


Россиялык 66 жаштагы Чоболоева Тамара жеңе Таласка келин болгон. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Россиянын Тюмень шаарында туулган. 7 жашка чыкканда ата-энеси Талас облусунун Кум-Арык айылына көчүп келген.

«Кайра эле Таластан Волгоград шаарына көчүп кетип, мен 8-класста окуп жатканда кайра Таласка келгенбиз. Кум-Арык айылындагы Иогеноздорф орто мектебинде окудум. Апам немис кызы, атам татар улутунан», - деди ал.

Тамара жеңе буга катар эле, жолдошу өзүнүн курбусунун агасы экенин кошумчалады.

«Жолдошум менен 8-класста эс алуу учурунда мектептен тамеки багууга жөнөткөндө тааныштым. Жолдошум Чоболоев Байсары трактор айдап жүрдү. Менден 2 жаш улуу экен. Мектепте карындашы менен курбу элем. Үй-бүлөсү бары таанышып, «сени келин кылып алабыз» деп тамаша кылып күлүп коюшчу эле. 10-класс болгондо жолдошум киного чакырып, мотоцикл менен барып жүрдү. Мектепти аяктаган соң бир жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Жаңы келин болуп келгенде өзүмдүн үйүмдөгүдөй болуп эле келдим. Кайын энем, кайын атам деле мени жумшап кыйынчылык салган жок. Тескерисинче эркелетип, «Тома сени кыргыздын 100 кызына дагы алмаштырбайбыз» деп күлүп калышат эле. Өзүмдүн апам «кудаларым салтты катуу кармайт» деп кошуналардан салттарды сурап, катташып жүрдү.

Жолдошум жакшы, камкор адам. Мен сүт иштетүүчү заводдо 20 жыл лаборант болуп иштедим. Жолдошум дагы өмүр бою сүт заводдо иштеди»
, - деди ал.

Тома жеңе 1 уул, 1 кыз жана 7 неберенин апасы.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->