Омар Казакстанда өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында 1-орунга ээ болду

466 0

Омар Казакстанда өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында 1-орунга ээ болду


Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан ырчы Омар 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева билдирди.

"Казакстанда болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагында Омар 1-орунга ээ болду. Буюрса, 16-декабрда сыналгыдан көрө аласыздар. Кубанычыбызда чек жок", - деди ал.

Белгилүү болгондой, сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулган. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышкан.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->