Бейтаптардын бөйрөгүнө өзүнүн атын жазган дарыгер жазаланат

1228 0

Бейтаптардын бөйрөгүнө өзүнүн атын жазган дарыгер жазаланат


Англиялык хирург Саймон Брэмхолл сот алдында өзүнүн аты-жөнүнүн баш тамгасын операция учурунда 2 бейтаптын органына калтырганын моюнуна алды. Бул тууралу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Саймон Брэмхолл 2013-жылдын февраль жана август айларында бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасаган. Ал лазер нурунун жардамы менен бейтаптын органына SB тамгаларын түшүргөн. Дарыгер денеге залал келтирүү беренеси боюнча эмес, кол салуу беренесинин негизинде күнөөсүн моюнуна алды.

Хирургдар лазер нурун бөйрөктөгү кан агууну токтотуу ошондой эле, операция жасалчу жерди белгилөө үчүн колдонушат. Негизинен белгилүү убакыт өткөндөн кийин ал тактар жоголот. Бирок аталган хирург операция жасаган бейтапта так кеткен эмес. Бул башка дарыгер ал бейтапка кайрадан операция жасаган учурда аныкталган.

Прокурор Тони Бэденочтун айтымында, бул өзгөчө жана оор иш. Мындай учур жазык укугунда буга чейин болгон эмес.

С.Брэмхолл Англиянын Бирмингем шаарындагы ханыша Елизавета атындагы ооруканада 12 жыл иштеген. 2014-жылы ага каршы дисциплинардык иликтөө башталганда ал жумушунан бошогон. Муну менен катар анын бейтаптарынын бири жергиликтүү Birmingham Mail гезитине аталган дарыгер анын өмүрүн сактап калганын айтып, анын кызматын кайтарып берүүгө чакырган.

Маалыматта белгиленгендей, хирургга өкүм 12-январда угузулат.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->