$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер Кыргызстандан кармалды

489 0

Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер Кыргызстандан кармалды


Кылмышкер атайын ыкчам издөө иш аракеттеринин жыйынтыгында колго түшкөн

Экстремисттик кылмыш үчүн эл аралык издөөгө алынган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, издөөдө жүргөн киши атайын ыкчам аракеттердин жыйынтыгында колго түшүрүлүп, анын 25 жашта экени аныкталган.

"Кармалган жаран экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон. Кылмыш жоопкерчилигинен качып Кыргызстанга келген. Бул жактан көмүскө диний-экстремисттик уюм түзүп, башкаларды үгүттөөнү пландаган", — деп айтылат маалыматта.


Колго түшүрүлгөн адам өнөктөш өлкөлөрдүн атайын кызматтарына өткөрүп берилди.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->