$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Кызганычтан жигит сүйүктүүсүн көчөгө жылаңач чыгарып салды

1494 0



Америкалык жигит мурунку сүйүктүүсүн жазалоо үчүн аны көчөгө жылаңач жүрүүгө мажбурлаган. Моюнуна бычак такап, сууктун күнүндө эшикке чыгарып салган. Бул жазанын баарына кызганыч себеп болгон. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

“Моюнумдан муунтуп, коркутту. Андан кийин көчөгө ич кийимсиз чыгууга мажбурлады. Кийин мени телефонуна тартып кирди. Мени жеңил жүргөн аял деп, ар кандай уят сөздөрдү мага айтты”,-деп айтты жабыр тарткан кыз.

Мело аттуу 26 жаштагы жигит мурунку сүйүктүүсүн бир нече саат кордогон. Ал мындай кадамга кызганычтан барган. Айтымында, ал кызынын башка эркектер менен СМС аркылуу сүйлөшкөнүн билип калган.

Андан кийин таштан жасалган будданын эстелиги менен аялды урмакчы болгон.

“Мен сени менен үй-бүлө курайын дегенде башка жигиттер менен сүйлөштүң. Ал учурда мен кандай уялсам, сен дагы ошондой абалда болушуңду көргүм келди”,-деп жигит ачууланып кызды көчөгө чыгууга мажбурлады

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгер жигиттин күнөөсү далилденсе бир нече жылга камалышы мүмкүн.

Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->