Текебаевдин адвокаттары БУУга кайрылышат

242 0



Камактагы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинен арыздануу үчүн Жогорку соттун экс-депутатка карата чечиминин көчүрмөсүн алышты. Бирок аталган комитетке арыз качан жолдонору белгисиз.

Бул тууралуу Би-Би-Сиге Текебаевдин адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаевге карата сот процессинде процессуалдык эле эмес, айыпталуучунун укугу да корголбой, мыйзам бузуулар болду. "Бул ишти карап чыгып, чечимди жокко чыгаруу боюнча кайрылабыз", -деди Токтакунова.

Текебаев боюнча соттун өкүмү өзгөрүүсүз калды
Текебаев соту боюнча кайчы пикирлер
Адвокат белгилегендей жогорку инстанциядагы сот чечиминин көчүрмөсүн алуу алар үчүн кыйынга турду.

21-ноябрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунованын айтымында, мыйзам боюнча бул документ соттолуучу тараптын колуна 10 жумуш күн аралыгында тийиши керек болчу, бирок өкүмдүн көчүрмөсү 8-декабрда гана берилди.

Кыргызстанда укук коргоочулар БУУнун адам укуктары боюнча комитетине буга чейин деле кайрылып келишкен.
2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун адвокаттары БУУга кайрылып, Улуттар уюмунун сунушу менен 2016-жылы Аскаравго карата иш кайра каралган.

Бирок 2017-жылы 24-январда Чүй облустук соту ошол эле чечимин күчүндө калтырган.

Өмүрбек Текебаев өзү былтыр Аскаровдун иши боюнча комментарий берип жатып:
"БУУнун адам укугу боюнча комитети бул сот органы эмес. Ал түгүл комитет соттук орган квазиси да эмес, соттук күчкө ээ эмес. Бирок ошого карабастан биздин Конституцияга ылайык бул чечимди биз кайра ачылган жагдай катары карап, Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап жообун бериш керек деп Жогорку сот, мамлекеттик органдар дагы эсептешет", - деген эле.

2016-жылы декабрда референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Баш мыйзамга ылайык, эл аралык уюмдардын чечимдери Жогорку соттун чечиминен жогору боло албайт.

"Конституцияда ошондой кабыл алынып калса дагы Кыргызстан башка конвенцияларды кабыл алган да. Жарандык-саясий укуктар боюнча эл аралык пакт жана башка олуттуу, оңой эмес конвенцияларга башын ийген. Адам укугун чектесе экономикалык, социалдык тармактарын иштеткенге финансы сурабай эле койсун", -деди "Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынын лидери Төлөйкан Исмаилова.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Россия жаранынан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү боюнча чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, ал эми Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка жаза өтөөгө жиберилген.

Булак: bbc.com

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->