Апрелден бери изделип жаткан нарындык Бегимай Таш-Көмүргө турмушка чыгып кеткен

552 0



Ушул жылдын апрель айынан бери изделип жаткан нарындык Бегимай Турганаалы кызы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына турмушка чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Нарын шаарынын 23 жаштагы тургуну Бегимай Турганаалы кызы 2017-жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп келген. Бирок анын апасы милиция кызматкерлерине сентябрь айында гана кайрылып, кызын издөөгө арыз жазган.

«Бегимай Турганаалы кызы Таш-Көмүр шаарынан табылды. Ал ошол жерге турмушка чыгып кеткен», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Өздүк булактар Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, 23 жаштагы Бегимай апасы менен жаз айларында урушкандан кийин Бишкек шаарына иштөө үчүн жөнөгөн. Бирок ал ошол бойдон дайынын жакындарына билдирген эмес.

«Бишкек шаарында иштеп жүрүп, июнь-июль айларында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын жашоочусуна турмушка чыккан. Анын апасы менен болгон урушу акча маселесинен келип чыккан. Мындан улам ал апасына таарынып жүргөн. Учурда деле кызы менен апасынын мамилеси начар», - деп билдиришти өздүк булактардан.

Нарын ШИИБдин маалыматына караганда, Бегимай 29-апрель күнү саат 09:30дар чамасында шаардын Рыскулов көчөсүндөгү №80 үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра барган эмес.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->