$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Курттаган унду сатыкка чыгарган ишкер кармалды

311 0



Куляб шаардык прокуратурасы «Сугдиён» ун чыгаруучу компаниянын башчысы Вали Давлатовдун ишин сотко өткөрдү. Ал кардарларды алдоого айыпталууда. Текшерүү учурунда компаниянын кампаларынан мөөнөтүнөн өтүп кеткен 1200 кап ун табылган.

Прокуратура Давлатовго карата коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар жана продукцияларды өндүрүү, сактоо жана сатуу, кардарларды алдоо жана шалаакылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Вали Давлатовдун күнөөсү далилденсе, ал ири өлчөмдө айыппул төлөп же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Тажикстандарттын» маалыматы боюнча кампадагы ундан курт, күбө табылган.

Бул компаниянын ундары буга чейин сапаттуу деп эсептелинип келген. Ишкананын өкүлдөрү окуя боюнча комментарий беришкен жок.

Вали Давлатов «Сугдиёндун» жетекчиси болуп, быйыл январь айында дайындалган.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->