Атасы ичке тепкен бала аны сагынып кусаланууда

1754 0



Баланын энеси жолдошун аталык укуктан ажыратпоону суранып жатат

Өз атасы ич жакка тепкен баланын энеси жолдошун аталык укуктан ажыратпоону суранып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко эки жашар баланын энеси жолдошуна коюлган кинелерден баш тартып, аны жазага тартууга каршы болуп жатканын айткан.

Эл өкүлү Ички иштер министрлигине кайрылып аталган наристенин атасын жазасыз калтырбоону жана бардык ишти мыйзам талабына ылайык жүргүзүүнү өтүндү.

Султанмуратова кечээ баланын энеси менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн маалымдады.

"Ал жолдошунун жазага тартылышына каршы болуп, аталык укуктан ажыратпоону суранып жатат. Ансыз деле жумушунан алынып жазасын алды дейт. Аялдын айтымында, бала атасына абдан жакын, ушу тапта сагынып, куса болуп жатат", — деди Султанмуратова.


Эскерте кетсек, 2-декабрда интернетте эркек киши наристени ичке тээп жатканы тартылган видео тараган. Ал киши ошол эле күнү укук коргоо органдары тарабынан кармалып, кичинекей баланын атасы экени аныкталган да "бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми наристенин энеси жолдошунун жазаланышын талап кылып, аталык укуктан ажыратууну өтүнгөн.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->