$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

ЖӨӨ ЖҮРҮШСҮН. ДЕПУТАТ БИШКЕКТЕГИ КИЧИ АВТОБУСТАРДЫ АЛЫП САЛУУНУ СУНУШТАДЫ

748 0



Депутат Дастан Бекешев эски унааларды колдонуудан улам аба булганып жатканын билдирди.

Айтымында, мэрия эски унааларды колдонгондорго салык салуусу керек жана убакыттын өтүшү менен аларды Бишкекте каттоого алууга тыюу салуу зарыл.

“Эски унааларды аймактарда каттоого алып, кайра Бишкекке алып келүүлөрү мүмкүн. Андай болсо шаарга кирип жатканда акча алуу керек. Ошондо аба да таза болот эле”,-деди эл өкүлү.


Ошондой эле ал эски кичи автобустардан дагы арылуу керектигин кошумчалады.

“Алар дагы экологияга зыян тийгизип жатат. Бара-бара бул кичи автобустарды каттамдардан алуу керек. Адамдар жөө жүрүшсүн”,-деди Бекешев.

Булак: Каганат

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->