$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

Россияда кыргызстандык үй-бүлөнүн 2 айлык наристеси тумчугуп көз жумду

926 0

Россияда кыргызстандык үй-бүлөнүн 2 айлык наристеси тумчугуп көз жумду


12-декабрда Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандык үй-бүлөнүн 2 айлык наристеси түшүнүксүз жагдайда көз жумду. Бул тууралуу «Невские новости» маалымдады.

Маалыматка караганда, тез жардам кызматы саат 15:30 чамасында баланын апасынын чакыруусу менен келишкен. Дарыгерлер баланын көз жумгандыгын такташкан. Болжолдоолор боюнча наристе асфиксиядан (тумчугуу) каза болгон. Анын ата-энеси окуянын чоо-жайын түшүндүрүп бере алышкан эмес. Экөө тең эч жерде иштебейт, батирге ижара акы төлөп жашашат.

Баланын денесин өлүмдүн себебин тактоо үчүн өлүк сактоочу жайга алып кетишти. Иликтөө иштери жүрүп жатат.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->