$ 69.02 - 69.25
€ 80.77 - 81.55

Уинстон Черчиллдин китеби кыргыз тилине которулду

224 0

Уинстон Черчиллдин китеби кыргыз тилине которулду


Улуу Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” деп аталган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

Китептин кыргызча котормосун “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду чыгарды.

Аталган фонддон билдиришкендей, бул китеп 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы.

Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова которду. Аны чыгарууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги да көмөк көрсөткөн. Чыгармада Уинстон Черчиллдин мыкты сөздөрүнүн жыйнагы камтылган.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->