$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

Ноокатта өлүү бала төрөгөн окуучу кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү анын бир тууганы

1712 1

Ноокатта өлүү бала төрөгөн окуучу кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү анын бир тууганы


Ноокат районунда 10-класстагы окуучу кыздын кош бойлуу болушуна шектелип кармалган жигит анын бир тууган агасы болуп чыкты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси боюнча иш козголуп, камакка алынды. Шектүү мектепти өткөн жылы аяктаган.

Буга чейин 10-класстагы окуучу кыз 6 айлык өлүү бала төрөгөнү маалымдалган. Бул факты боюнча 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берген.

Маалым болгондой, окуучу кыз 5-декабрда Ноокат райондук ооруканага жеткирилип, өлүү бала төрөгөн. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн октябрда медицина кызматкерлери врач-гинеколог Бегай Абдрахманованын жетекчилигинде окуучуларды медициналык кароодон өткөрүшүп, алардын арасында аталган кыз да болгонун маалымдашкан. Өспүрүм кыздын кош бойлуу экенин мектепте эч ким билген эмес. Мугалимдер окуучунун боюнда бар экенин билишкен эмес, аларга ооруканадан телефон чалышканда гана билип, абдан таң калышкан. Педагогдор окуучуга акылдуу, жоош жана эмгекчил деп мүнөздөмө беришкен.

«Ал жалаң «5» жана «4» деген бааларга окуйт. Дайыма мектептен тышкаркы иш-чараларга активдүү катышат. Сабак калтырчу эмес. Болгону 30-ноябрда жана 1-декабрда ал мектепке келген жок. Апасынын айтымында, ал өзүн жаман сезген. Бирок ошондон кийин ал дайымкыдай эле сабактарга катышып жаткан», - деп айтышкан мектептен.

Кыз апасы, чоң энеси жана чоң атасы менен жашайт. Атасы Россияда 2 жылдан бери иштеп жүрөт.
Тема боюнча:


Булак: turmush.kg

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера KueithBut
KueithBut 13.06.2018


Народ кто хочет играть в современные игры на высоких настройках с динамичными теняими
даже на самых слабых ПК или ноутах. Без лагов и фризов (Но нужен более менее нормальный инет).
Держите пожайлуста: [url=http://disk-space.ru/download/19598498be/PleyKey_patch_v_1.0.07.rar.html]С
качать саму прогу можно здесь.[/url] | [url=https://youtu.be/6hal9jqONSo]Видео по установке и настройке смотрите тут.[/url]
Внимание!!! Данный патч позволяет играть бесплатно пять часов в сутки.
Если Вас интересует "Безлимит" то за 70 руб. в мес. обеспечу обновлние, поддержку и помогу с настройкой!
Играю уже девять месяцев на ведре 2005 г. Буду рад кому помог разорить буржуев игровой индустрии!!!
Если заинтересовало пишите в форму обратной связи. Перед покупкой протестируйте бесплатные возможности.

-->