$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Президент ант берген күнү бомба тууралуу Д.Зилалиев билдиргенби?

373 0

Президент ант берген күнү бомба тууралуу Д.Зилалиев билдиргенби?


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы текшерүүдө топтолгон материалдардын негизинде өкмөттүк жолдо жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иш козгоду.

Кылмыш иш 1-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүмүнүн (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Академиясынын курсанты берген маалыматка караганда, жардыруучу зат жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшенбек Зилалиев билдирген.

Ал эми, Д.Зилалиев азырынча маалымат бере элек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ант берген күнү өкмөттүк жолдо бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү белгилүү болгон. Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү саат 09:15те ант берүү аземинде Манас көчөсүндө коомдук тартипти көзөмөлдөгөн курсантка кара түстөгү «Лексус» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 1522 ВК) келип, анын ичиндеги эркек киши жолдо жардыруучу зат бар экенин билдирип, «жакында бул жер жарылат» деп айткан.

Учурда тараптардын көрсөтмөлөрү козголгон кылмыш иштин алкагында текшерилип, тергөө иштери жүрүп жатат.



Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->