Акын Фатима Абдалова: "АЙТМАТОВ - ААЛАМ ЖЫЛДЫЗДАРЫНАН"

155 0


Аалам-Дарак

Тоо учунда дүпүйгөн Дарак турат,
Бутактары саймалуу, сан бир бутак,
Шактарында ар кыл түс, ар кыл мөмө,
Көз талытып көргөндү кызыктырат…

Дарак ооба, бийикте, Тоодо турат,
Ал ошондон Асманга жакыныраак…
Сырын билип миңкыял булуттардын,
Сыр көрсөткөн «сөздөрүн» угуп турат…

Шактарында ар кыл түс, ар кыл мөмө…
Бир Дарака кыйгандай миң бир мөмө…
Бирок булар үзгөнгө, жегенге эмес,
Азык болот дилдерге, жүрөктөргө…

Аалам-Дарак, Тоо чыгып барган Дарак,
Адамдарды алыстан турган карап…
Жерде адамдар – бак болсо бир мөмөлүү,
гүл болсо анан, чөп болсо куурап калар…

Аалам-Бактар тургандай тура берет,
Мындай Бактар дүйнөдө көп деле эмес…
А жердеги бак, көчөт, гүлдөр, чөптөр,
Аалам-Бакка суктанып өтө берет…

***
Жайында бир чыга калган кодура,
Аалам-Дарак турган тоого «обдула»:
«Анча эмнеле макташат бу Даракты…
Аска учунда турганы эле болбосо,
Андай деле эч нерсе жок боюнда…
Мен таң калам адамдардын оюна»…
деди дагы кирип кетти коңулга…


Айтматов тирүү

Сааты келип, кетти Асманга Айтматов,
“Өлдү” деди аны кай бир душман топ.
“Өлдү” дешти, өлбөстүгүн билишпей,
“Өлдү” дешти, пастык менен кеп козгоп.

Кудайга да шек келтирет шайтандар,
А Айтматов АЛЛА сүйгөн Адам ал.
Адамзатка ал калтырган рух мүлкү,
Пайгамбардын кызматына барабар...

Айтматовдун руху тирүү Асманда,
Ал көз таштап турат биздин Жалганга...
Ал тек гана жай которуп кетиптир,
Көтөрүлүп Жерден чексиз Ааламга...
Ал өлбөптүр, өлбөстөрдөн экен Ал,
Ал өлбөптүр... Ал Асманда тирүү... бар...



Жаркыраган элесиңиз
Тоо бетинен көрүндү


Жаркыраган элесиңиз Тоо бетинен көрүндү...
Тоо – ордунда, карааныңыз калтырды бул өмүрдү.
“Кыргыздардын Тоосу өлдү, Тоо жок эми” дештиби,
Куйту-куйбур журт ичине от койгонго өтүштү...

... Сүрүңүздөн, нуруңуздан душмандар да айбыкчу,
Сиз жүргөн жер майрам болуп, Сиз бар жерде шаң турчу.
Сизди дайым ээрчип жүрчү сөөлөт менен салтанат,
Сиз бар кезде көп төгүлбөй, эл ичинде нарк турчу.


Эгер бүгүн бар болсоңуз, ээнбаштар аз болмок,
Элди жеген жеп-ичкичтин илээлери тар болмок.
Алар Сизден айбыгышмак, ийменишмек кантсе да,
Барыңыздын шарапаты андайларга тап коймок...

“Манасты” да аз-аз жерден сатып ийе жаздашты,
Улуу рухка шек келтирип, Улуу көчтү “такташты”...
Эгер анда бар болсоңуз, болмок эмес ал иштер,
Сестенишмек, кичиришмек, чыгалмак эмес айгакчы...

Бузукулар жайып жатат “маңкурт” деген жапаны,
“Жоломандар” атып атат атаны да апаны...
Кара шире кийбей эле кара тартып дилдери,
Илим өскөн бу заманда, жандар чыкты жапайы...

Эгер бүгүн бар болсоңуз, жаман иштер аз болмок,
Жарыгыңыз уялдырмак, жарыгыңыз ойлонтмок.
Ааламдын бир мерчеминде бар болсо да рухуңуз,
Эмгегиңиз Тоодой болуп, карааныңыз Жерде жок...

Анткен менен Сиз калтырган – дүйнөлүк мүлк Адамга,
Кызмат этип жатат, этет түбөлүктүү заманга.
Кыргыз уулу экениңиз сыймыктантат Кыргызды,
Жер эле эмес, ордуңуз бар ой жетпеген Ааламда...



“Айтматов – Аалам жылдыздарынан”

“Айтматов – Аалам жылдыздарынан”...
Үн келди... Үн келди кайыптан...
Биз Аны Жер жылдызы дечүбүз,
Орун алган Адамзат тарыхынан...

“Айтматов – Аалам жылдыздарынан”...
Жүрөгүм чыга жаздады кабынан...
Аалам жылдызы Жерге түшкөн экен да,
Кышында жаркылдап чагылган...

“Айтматов – Аалам жылдыздарынан”...
Аалам бар го...
Ааламдык бүт жылдыздар чогулган...
Ааламдык жылдыздардан –
Ааламдык Тоо турган...

“Айтматов... Аалам жылдыздарынан”...



“Жолдо бастым ойлонуп” аттуу китебимдеги “Бейтосундар” деп аталган поэмамда уфология темасына кайрылып, БУО-НЛО (Белгисиз учуучу обьект) – Жер планетасынын мейкининен ар кандай формаларда көрүнүп жаткан, басымдуу жердиктер “Тарелка” деп атап алган башка Күн системасынан келип аткан жогорку табышмактуу цивилизациянын өкүлдөрү тууралуу кыялдангам... Мына ошол поэманын “Токойдогу сүрөтчү” бөлүмүндө сүрөтчү НЛО менен алардын “Жашыл” ааламына учуп барып, ал жерден “Айтматов-Нурду” көргөн төмөнкү эпизод бар...


... БУО кантип конду, калды билбестен,
Чоочундарды көрүп турду айнектен…
Аянтчада анча деле көп эмес,
Аял-эркек, ар кыл түстө кийинген…


«Жүргүн» деди, жанындагы жылмайып,
Эки «айдоочу» отургандай отурат.
Сыртка сыпаа чыкты бу да жылмайып,
Жайнап турат жашыл көздөр сонуркап…

«Куш келипсиз», «куш келипсиз» деди алар,
Үнсүз гана жылмайышты баш ийкеп…
«Ырахмат» деди башын ийкеп, Жердик да,
Бүткөн бою бир кызыктай дилдиреп…


Анан алар жанындагы Чоочунга,
Көп бир суроо бергенсиди оюнда…
Бирок «сөзүн» түшүнбөдү Сүрөтчү,
Жакын туруп, тургансыды окчунда…

Ал түшүндү, сөздөрүн да, оюн да,
Айта аларын жалгыз гана Чоочунга –
Сапарлашка БУО менен бир келген,
Башка менен жол жок дилдеш болууга…

Ал сыдырып караганча ар бирин,
Таанышындай карап калды бирисин…
Ал да муну карап турду саамга,
Таанышындай болуп турган кимиси…


… Ооба, Жерден кеткен эле бу Киши…
Атак-даңкта өткөн эле бу Киши…
Жерге акылын берген эле бу Киши…
Акыйкатты чечкен эле бу Киши…

Өзүнөн да жаш көрүнөт караса,
Жыйырма бешпи… а Сүрөтчү отузда.
Жүзүндө нур, бактылуулук көзүндө,
Жарык жанып турат өнө боюнда…

Байланыш жок, баралбады алдына…
Ал да мунун келгени жок жанына…
«Сөз» бүттүбү, тарап баштап чоочундар,
Сапарлашы күлө бакты аңгыча…

Сапарлашы, мында жалгыз жакыны,
Көп суроого көзүн ачкан акылы…
Көрө салып алдастады бу дагы,
Көзү күлүп, кучак жайып акырын…


– Бир укмушту болор бекен сурасам?
– Болот, кантип болбой койсун сураган…
– Адамзатка акыл менен таанылган,
Таанышымды көрдүм Жерден узаган…


– Ал АЛЛАнын ооба, сүйгөн пендеси,
Дилинде бар «АЛЛА» деген келмеси…
Ал кылымды жылдырууга жараган,
Анык, анын өлбөй жашай бермеги…




“Айтматовдук аалам” жүгүн келатасыз көтөрүп

Окумуштуу-Айтматовчу, академик
Абдылдажан Акматалиевге


“Айтматовдук аалам” деген бир зор Эшик ачылды...
Ал Эшике канчалардын жан оттору чачылды...
А Сиз ошол зор Эшикти ачкандардын бирисиз,
Ачуу менен ал Эшикти, зор милдет да тагылды...

“Айтматовдук аалам” Эшик ар кимге эле ачылбас,
Айтматовдон түшкөн жарык ар кимге эле чагылбас...
Толкунунда толкуп-толкуп “Айтматовдук ааламдын”,
Тереңинен таап чыктың көөхарларын-асыл таш...

“Айтматовдук аалам” деген бир көркөм жай тургуздуң,
Ал көркөм жай эч урагыс мүлкү болду Кыргыздын.
Калеминен канат байлап – Адамзаттын генийи,
акылманы, даанышманы – Кыргыз уулу Чыңгыздын!

“Айтматовдук аалам” жүгүн асан эмес көтөрүш,
“Айтматовдук аалам” жүгүн келатасыз көтөрүп.
Алганыңыз, балдарыңыз тагдыр берген бактыңыз,
Алар менен бар болуңуз, жакшылыкка бөлөнүп.

Бирок Сиздин ойлонгондо – илимдеги ишиңиз,
Сиз бир чети калгандайсыз Айтматов үчүн төрөлүп...


Фатима Абдалова – акын,
Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов
атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты


Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->