ИИМ: Сирияда согушуп келген кыргызстандык кармалды

565 0

ИИМ: Сирияда согушуп келген кыргызстандык кармалды


30-ноябрда милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургунун кармады. Ичик иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал "Жабхат-Ан-Нусра" деп аталган эл-аралык-террордук уюмдун мүчөсү. 2014-жылы Орусия аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга барып диверсиялык-согуштук даярдыктан өтүп, куралдуу согуштарга катышып жүргөн.

Учурда Кылмыш кодексинин 299-2 беренеси (экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу, атрибуттар менен символдорун атайлап колдонуу), 375-берене (жалдануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Ош шаарынын №5 тергөө абагына эки айга камалды. Анын башка шериктерин аныктоо аракеттери жүрүп жатат.

Расмий маалыматка таянсак, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140га жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->