Арча-Бешикте 35 жаштагы аял күйөөсүнө бычак сайып өлтүрдү

106 0



Бишкек шаарында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бүгүн, 12-декабрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы окуя 7-декабрда болгонун билдирди.

Ленин РИИБдин кызматкерлери жубайлар урушуп жатканы тууралуу маалыматтан кийин Арча-Бешик конушундагы турак үйгө барышкан. Ал үйдөн 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин денеси табылган.

Такталган маалыматтар боюнча, 35 жаштагы аял менен анын 43 жаштагы күйөөсүнүн ортосунда уруш чыккан. Чыр учурунда ашкана бычагын алган аял күйөөсүнө шилтеп, жабырлануучу ошол жерде көз жумган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү аял камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->