$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Кытайда жыгачтан салынган дүйнөдөгү эң бийик мунара күйүп кетти

424 0

Кытайдын Сычуань провинциясынын түштүк-батышында жайгашкан чиркөө комплексинде жыгачтан салынган дүйнөдөгү эң бийик мунара күйүп кетти. Бул тууралуу Chine Global Television Network (CGTN) каналы YouTube каналына жарыялады.



Маалыматка ылайык, мунараны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Видеодо жалын жалмаган мунара жерге урап жатканын көрүүгө болот.

CGTN каналы билдиргендей, 16 кабаттуу бул мунара Азиядагы жагычтан салынган эң бийик курулуш болуп эсептелчү.

South China Morning Post басылмасы жазгандай, өрт төрт саатта араң өчүрүлгөн. Андан сырткары, тилсиз жоо эки кабаттуу сыйына турчу имаратты дагы жок кылган.



Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->