$ 69.02 - 69.25
€ 80.77 - 81.55

Галкиндин шоусуна кыргызстандык дагы бир жеткинчек катышты.

867 0



Жети жаштагы Албанали жаныбарлар, куштар туурасында кызыктуу маалыматтарды айтып берген.

Караколдо туулган жети жаштагы Албанали Алым уулу Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна тартылып келди. Аны бүгүн Россиянын Биринчи каналынан көрсөтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөктүн атасы Алим Малдыбеков билдирди.

"Лучше всех" шоусунун "Вконтакте" тармагындагы баракчасына берүүнүн анонсу жарыяланган. Кыргызстандык жеткинчек жаныбарлар, куштар туурасында кызыктуу маалыматтарды айтып берген.


"Албаналинин өнөрүн видеого тартып "Лучше всех" долбооруна жибергенбиз. Алар биринчи кастингге чакырганда бара албай турганыбызды айттык. Мындан улам балабыз менен Skуpе аркылуу сүйлөшүп, андан соң эфирге чакырды. Ноябрдын башында Москвага барып тартылып келдик", — деди Малдыбеков.


Албанали беш бир туугандын эң кичүүсү. Төрт жашынан тарта жаныбарлар дүйнөсүнө кызыгуусу күчөп, китептерден, интернеттен кызыктуу маалыматтарды таап улуу кишилерди да таң калтырат.

"Мурда бир нерселерди айтып берсе ишенбей, анча маани берчү эмесмин. Кийинчерээк интернеттен карап текшерсем туура чыгып жатты. Биз билбегендин баарын билет. Мисалы, көк киттин жүрөгү 700 килограмм, боору бир тонна болот, дагы бир жаныбар ордунан төрт метрге чейин секире алат деп таң калтырат", — деди Малдыбеков.


Эскерте кетсек, буга чейин аталган долбоорго Кыргызстандан Брюс Линин ыкмаларын өзүндөй кылып туураган Нурмухаммед Ташмаматов жана бий өнөрү менен интернетти багындырган Нурпери Тургуналиева катышып келген.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->