$ 69.02 - 69.25
€ 80.77 - 81.55

Аскар Акаевге Германияда жумуртка ыргытышты...(Видео)

908 0



Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге Германиянын Берлин шаарында мекендештери жумуртка ыргытышты. Окуя жазылган видео интернетке 9-декабрда тарады.
Маалыматка ылайык, Аскар Акаев, жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет Акаева Германиядагы Kyrgyz Club Germany уюму уюштурган жолугушууга барган. Ал жактагы кыргыздар менен сырттагы жолугушууда айрымдар Акаевге карата терс пикирлерди билдиришкен. Орусча сүйлөй баштаган Акаевден оюн кыргызча айтууну талап кылышкан. Бирок ал демократиялуу Германияда турганын, каалаган тилинде сүйлөрүн билдирген.
Тасмада колуна "Акаев кет" деген жазуу кармап алгандарды да көрүүгө болот. Чогулгандардын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан Акаевге бир эркек киши жумуртка ыргыткан. Аны менен Бермет Акаева чырдашып кеткен.
Ошол учурда үч-төрт полиция келип, абалды жайгарган.
Жолугушууну уюштурган Kyrgyz Club Germany уюмунун жетекчиси Бакыт Көбегенов Акаевге жумуртка ыргыткан кишини мурда көрбөгөнүн, аны менен полиция сүйлөшөрүн билдирди.



Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->