$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Роза Айтматова: «Атабыз Төрөкул тирүү болгондо, мүмкүн Чыңгыз акем залкар жазуучу болбой, мыкты окумуштуу болмок»

1762 0



— Чыңгыз Төрөкулович жазуучу болот деген ой силерде деле болбосо керек?

— Кайдан? Болгон эмес да.

— Өзү эскерүүлөрүндө жазуучу болушума Каракыз эжемдин таасири чоң болгон деп айтат эмеспи…

— Атамдын Каракыз, Гүлайым деген карындаштары биздин башыбызга оор күн түшкөн ошол апаат кезде апам менен чиедей балдары үчүн таяныч, сүйөнүч болгон эле. Айрыкча Каракыз апа. Жездебиз абдан жакшы киши болгон. Алар экөөсү тең жомокчү болушкан. Каракыз апам олуттуу сүйлөсө, Гүлайым апам жомокту айтканда дагы күлдүрүп айтчу. Түгөлбай Сыдыкбековдун “Зайыптар” чыгармасын кайдан окушканын билбейм, менимче угушкан го, ошону кайра бизге жомок кылып айтып берчү. Ушундай жандар болчу. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы, булар биз үчүн абдан күйүп-бышкан адамдар эле. Төрөкулдун балдары кандай болуп чоңоёт деп колунан келгендин баарын жасап, бизди колдоп турган. Биз Жийдеде жашаган кезде Чыңгыз акем Каракыз апамдын колунда жашап калды. Ошол учурда Каракыз апам колунан келишинче шыгына шык кошуп, тарбиясын берген болсо керек. Чыңгыз Төрөкулович финагент болуп иштегенде акча жыйнап келчү да. Менин эсимде, согуш жылдары акчалар чоң болчу. Биз Жийдеде жашайбыз, уюбуз колхоздун уйканасында. Люция деген эжем экөөбүз кечинде барып сүт алып келе жатсак, бир дөбөчөнүн үстүндө кагаздар жатат. Мен түшүнбөйм, эжем менден улуу да “акча экен” деди. Экөөбүз акчанын баарын терип алып үйгө алып келдик. Апама акча таап алдык десек, “Муну ким жоготту болду экен?” деди. Үкү деген кошуна аял бар болчу. Ошол келип калды. Апам ага “Кыздар акча таап алыптыр. Кимдин акчасы болду экен? Эмне кыларымды билбей жатам” десе, Үкү апа “Уполномочон келип акча жыйнап жүргөн. Кайдан келгенин билбейм. Мас болуп ошол дөбөчөдө жаткан. Ошонун чөнтөгүнөн түшүп калган болушу керек. Ал баары бир арак ичип жүрөт. Андан көрө бул акчага аскер салыгын төлөп коюңуз. Муну силерге Кудай өзү бериптир” деп айтты. Апам ошону менен салыкты төлөп кутулуп, жыргап калдык. Болбосо май, каймак сатып, ошонун акчасын төлөш керек болот эле. Чыңгыз акем болсо Шекерде салык жыйнайт. Акча чоң болгондуктан бырышып калат. Кечинде Каракыз апам экөө олтуруп жакшынакай кылып тегиздеп, эсептеп куржунга салат экен да. Куржундун жип менен илип коё турган оозу болчу. Каракыз апам ага карабай “Кокус бир нерсеге илинип калып, оозу ачылып калбасын, акчаңын бири да жоголбосун, толук бойдон алып барып өткөр, мындай жумушту ар кимге эле табыштай бербейт. Жоголуп калып кемип калса күнөөлүү болуп каласың. Сен Төрөкулдун баласы экениңди билдиришиң керек” деп кулагына куюп, куржунду ийне менен тигип берчү. Чыңгыз акем жаш бала болсо да өзү жалгыз ат менен бир куржун акчаны почтого алып барып тапшырат.

— Чыгармачылыгы айылда жүргөндө эле байкалдыбы же кийин студент кезиндеби? Апаңыз баласы чыгарма жазып жүргөнүн кандай кабыл алды?

— Апам Чыңгыз акемдин бул өнөрүн угуп абдан кубанды. Кировко көчүп келип төртүнчү класста окуйт. Мектептен сочинение жазгыла деп тапшырма берет. Карасюк деген чек арачы гезиттерге чыккан экен. Ал эрдик көрсөткөн чек арачы болуптур. Ошол киши тууралуу сочинение жазып келгиле десе, балдар укканын жазып барышат. Чыңгыз акем болсо баатыр чек арачы чек арага кантип жеткенин, душман кандай болуп чек араны бузганын кошуп, ал жерде жок нерселерди да сүрөттөп, аябай жакшы сочинение жазат. Анын сочинениеси мугалимге абдан жагып, класска окуп берип, башка класстарга да окуп аябай макташат. Бул окуяны Илгиз Төрөкулович айтып берет. Ошондо апам “балам жакшы окуп атат” деп кубанат. Согуш жылдары Чыңгыз акем окубай калды. Согуштан кийин мектепке барды. Покровкада 8-класста окуп жатканда Гоголдун “Ревизор” деген чыгармасын коюшуптур. Чыңгыз акеме Городничийдин ролун беришиптир. Анда дагы активдүү катышкан. Кийин техникумга барганда бир мугалим өзү жазып жүргөн киши экен. Ошол киши дубал гезитин жазганга катыштырып, анын да таасири тийген окшойт. Өзү “Ошол мугалим ырга жок болсоң проза жаз деген” деп айтып калар эле. Студент кезинде жаза баштады.

— Ал учурда Бишкекке көчүп келдиңиздер беле же Чыңгыз агай өзү жалгыз шаарда болчубу?

— Ал өзү жалгыз эле Бишкекте болчу. Чыңгыз акем техникумду Жамбулдан артыкчылык менен бүтүп келди. Бул жактагы институтка сынак тапшырбай, баарлашуудан кийин эле өтө турган. Ал жактан келгенден кийин Чыңгыз акем апама “Болду, эми мен окубайм, иштейм. Там салабыз, уй алабыз. Ушинтип эле ар кимдин үйүндө квартиралап жүрө беребизби?!” деп айтат. Апам болсо “Айланайын, биз канча керек болсо ошончо чыдайбыз. Сен жогорку билимдүү бол. Мындай мүмкүнчүлүктү жоготуу болбойт. Окууга барбасаң аскерге 3 жылга алып кетет. Андан кийин окууга болгон кызыкчылыгың болбой калат” деп Чыңгыз акеме эне катары насаатын айткан.


— Эмне үчүн айыл чарба институтун тандап калган?

— Айыл чарба техникумун Жамбулдан аяктап жатпайбы. Согуштан кийинки жыл болгондуктан окуйм дегендер саналуу эле болсо керек. Алар Чыңгыз акеми сегизинчи классты бүтүп келди деп экинчи курска алышат. Ал жактан келгенден кийин апам айыл чарби институтуна оку деп атпайбы. Ошондо дагы “Андай болсо казактын эле айыл чарба институтуна окубайымбы. Бир жагы, казактын айыл чарба техникумун бүттүм. Экинчи жагы, биздин атабыздын фамилиясы казактарда анча белгилүү эмес. Бул жакта баягы Айтматовдун баласы экен деп угулат” десе, апам “Казакстандагы институт менен биздин институт бирдей. Сен өзүбүздүн эле институтка өт. Сен жакшы окуп, бүткөндөн кийин жакшы иштеп, элге пайдаңды тийгизсең “Баягы Айтматовдун баласы дешип”, атаңдын атын актайсың” дегенден кийин макул болуп, бул жакка келет. Институтка өтүп, жакшы окуйт. Окуп жүргөндө эле ар кандай адабиятка кызыга берет го сыягы. 1952-жылы котормолор боюнча жазган макалалары бар. “Газетчик Дзюйо” дегенди жазат. Ал “Комсомолец Киргизия” гезитине басылат. Фермада иштеп жүргөн кезинде 2–3 аңгеме жазат. Чыгармачылыгы ошентип башталды да. Биз менен чыгармачылыгы тууралуу кеңешчи эмес. Анткени, биз айылда өсүп калдык. Ал бизге тогуз жашынан баштап ага да, ата ордуна ата да болду. Үйдөгү чоң-чоң маселелерди апам менен бирге акылдашып чечет эле. Биз аны Кудайыбыздай көрчүбүз. Үйдөгү эң улуу эркек, анын айтканы мыйзам болчу. Өзү деле бизге олуттуу көрүнөм деп биз менен көп нерселерди сүйлөшчү эмес. Ошол мамилебиз өмүрүнүн аягына чейин ошондой болду. Биз аны качан болсо улуу катары көрүп, өзү бир нерсе сураса айтчубуз, сурабаса айтчу эмеспиз. Баардык нерсени өзү ойлончу. Чыгармаларын жазып бүткөндөн кийин укчубуз. Эч качан мактанчу эмес. Ийгиликтерин да абдан эстүүлүк менен көтөрдү.


— Лениндик сыйлыкты алганда апаңыз үчүн чоң сыймык болсо керек? Балдарына арнаган эмгектин акыбети кайткандай болуп…

— Ооба, бул апам, биз үчүн да чоң ийгилик болду. Лениндик сыйлык Советтер Союзунун деңгээлиндеги эң чоң, барктуу сыйлык эле да. Андан да Чыңгыз акем Лениндик сыйлыкты өтө жаш алды.

— Атаңыз тууралуу кабарды качан уктуңуздар?

— Апам менен Чыңгыз акем кайра-кайра НКВДга кат жаза берип, 1957-жылы жайында “Бул датада НКВДга келип кабар алып кеткиле” деген кабар келет. Ошол кезде Чыңгыз акем ооруп жаткан. Анда биринчи аңгемелери чыгып, аны чоң жазуучулар кабыл албай, муну атасындай кылабыз дегенге чейин барган кишилер болгон. Ошондо “Мындай болсо кантип жашайм!” деп азап тартып, катуу кыйналса керек. Төшөктөн тура албай жатып калган. Мен ар кандай чөптөрдү орок менен оруп алып келем. Аны кайнатабыз, ага буту-колун салып дарылап жатканбыз. Илгиз Төрөкулович аспирантурада, Москвага кеткен. Эжем болсо практикага кеткен. Мен болсо он тогуздан жыйырма жашка караган кезим экен. Үйдө кичүү болгондуктан жоопкерчилик албай жүрсөм керек. Жанагыдай кат келгенде Чыңгыз акем мени чакырып алып “Сен деле чоңоюп калдың. Апамды сен ээрчитип бар. Мен өзүм барат элем, тура албай жатам” деп айтты. Анда азыркы Чоң-Арыкта жашачубуз. Он биринчи автобус жүрчү, апам экөөбүз колубузга катты алып ошол автобус менен келдик.

Азыркы Коргоо министрлигинин ордунда НКВДнын бир кабат имараты бар экен. Кирсек бир солдат турат автомат кармап. Апам катты көрсөттү эле “Сиз тигил жакка өтүңүз. Сиз ушул жерде калыңыз” деп мени өткөрбөй калтырып койду. 10–15 мүнөттөн кийин апам өңү бопбоз, көздөрүнүн нуру өчкөн, араң басып чыкты. Ага чейин “Азыр Төрөкулду көрөм. Сибирден же дагы бир жактан алып келген болуш керек” деп ишенип келаткан. Колуна берген кагазын мага сунду. «Посмертно реабилитирован» деген кабар экен. “Өлгөн жери белгисиз. Өлгөндүгүнүн себеби белгисиз” деген кагазды алып, эптеп автобуска түшүп Чоң-Арыкка бардык. Апам үйгө кирерде мага “Чыңгыз катуу ооруп калбасын. Сен ыйлабагының, мен да ыйлабайм” деди. Жолдо келатып экөөбүз тең ыйлап-ыйлап алганбыз. Үйгө кирип кагазды көрсөттүк. Айылдан Каракыз апамды чакырып, ага апам өзү угузуп, андан кийин куран окутуп, кошуна-колоң келип, жоктоп койдук. Атабыз Төрөкулга болгон акыркы үмүтүбүз ошентип чырт эте үзүлдү.


— Чыңгыз агай ал кабарды оор кабыл алса керек?

— Абдан оор кабыл алды. Бизге “Реабилитирован” деген сөз жакшы болду да. Ушунун баары жашыруун гриф менен келди. Кийин атамдын ага-инилерин издеттик. Эч кимисинен эч кандай кабар болбоду. Бирөөсү да келбей калды. Алымкулдун Керимбек деген иниси бар болчу. Ал киши жылкычы эле. Айылга барып Керимбектин үйүндө төрт кишиге аш берип, эми эч кимисин таппайбыз го деп үмүт үзүлдү.

— КГБнын башчысы генерал Асанкулов менен сүйлөшкөнүмдө ушул маселе боюнча айтып берген эле. Асанкулов экинчи ирет КГБнын башчысы болуп келгенде жардамчысына “Баягы делону алып кел. Аны ачыкка чыгара турган мезгил келди” деп айтыптыр. Өзү Москвага СССРдин КГБнын төрагасы Крючковго телефон чалып “Башка жерлерде күнөөсү жок респрессияга кеткендерди ачыкка чыгарып жатат. Биз дагы мамлекеттүүлүктү түптөгөн адамдарды акташыбыз керек” дегенде, Крючков биринчи болбой коюптур. Акыры айтып жүрүп көндүргөн экен. Москвадан атайын тизме келиптир, арасында Төрөкул Айтматов да бар экен. Муну биз да билбейбиз деген эле. Ошол баракты бул жактан алып кетишиптир. Бир күнү жумушуна бир аял келип, кайсыл жерде көмүлгөнүн айтып бериптир. Барып бир жарым метр казганда эле адамдардын сөөктөрү чыгып баштаган экен. Сөөк чыккан жерди КГБнын балдары менен кайтартып, сыртынан жоокерлер менен курчатып коюп казышканда, Төрөкул Айтматовдун кагаздары чыгыптыр. Ал убакта Чыңгыз Төрөкулович элчи болуп иштеп жаткан кези экен. Асанкулов телефондон кабар берип “Чыңгыз Төрөкулович, атаңыздын арты кайырлуу болсун. Атаңыз Төрөкул Айтматовдун сөөгү табылды” деп айтыптыр. Илгиз агайды да чакырып, көңүл айткан экен. Ошол учурда сиз да бар белеңиз?

— Ошол кезде жолдошум экөөбүз Францияда болчубуз. Франциядан кайтканда Люксембургга кайрылдык. Биз барсак Чыңгыз акем үй-бүлөсүн Кыргызстанга жөнөтүп, өзү жалгыз калыптыр. Францияга кетип жатканымда гезитке “Шаардын сыртында көп киши көмүлгөн жер табылды. Азыр казуу иштери жүрүп жатат. Кайсыл жылга таандык экени белгисиз” деген маалымат чыккан. Мен 1937-жыл болуш керек деп ойлодум. Люксембургга барганда Чыңгыз акеме шаардын сыртында ушундай жер табылыптыр десем, “Мен да уктум. Илгиз телефон аркылуу айтты. Эми ал жерде ким көмүлгөнүн кантип табасың? Кантип аныктайсың? Мүмкүн ал 1916-жылга тиешелүүдүр. Мүмкүн инфекциялык оорулар болуп ачарчылык жылдары көмүлүп калган кишилердин сөөктөрүдүр” деди. Көпкө чейин башын жерге салып ойлонуп олтуруп калды. Мен да унчуга албадым. Люксембургдан Москвага келип мейманканадан Илгиз Төрөкуловичтин Октябрин деген өкүл баласы жолугуп калды. Ошол “Ой эже, сиздин атаңыздын кагазы табылды” деди. Кайдан?-деп сурасам, “Чоң-Таштагы көмүлгөн жеринен” деди. Бул 1938-жылы болсо, азыр 1991-жыл, 53 жыл өтүптүр. 53 жылдын ичинде кагаз чирибептирби?- десем, “Эже, гезитке жазганын окудум. Кайдан билейин?” деп таарынып калды. Бул жакка келерим менен Илгиз Төрөкуловичке телефон чалсам, “Ооба, ушундай болду. Мени кечээ эле Асанкулов, Шеримкуловдор чакырып, атабыздын жазалоо чечими жазылган кагазы табылганын угузушту. Ал жер кирпич бышырган камера экен. Температура дайым жогору болгон. Биринчилерден болуп ошолорду ыргыткан окшойт. Таза жерге түшүп калып, кагаз чирибептир” деди. Төрт кишинин кагазы табылыптыр. Төрөкул Айтматовдуку, Жусуп Абдрахмановдуку, дагы бир Абдрахманов, анан Булатов деген кишилердики. Шайлоо деген прокурор бала бар болчу. Ошол бала “Кагаздарды ошол жерден чыгара электе сүрөткө тартып калганбыз. Абага чыкканда кагаздар майда-майда болуп укаланып калды” деп айтып берген. Атамдын кагазы табылгандан кийин ынандык. Болбосо ал кимдин сөөгү экенин кайдан билет элек.

— “Саманчынын жолу” чыгармасында “Ата, сиздин кайсыл жерде көмүлгөнүңүздү билбейм” деп эпиграф катары колдонгон жери бар эмеспи.

— Анда издеп жүргөн кези да. Өзүн таппасак да көмүлгөн жерин билсек деген максат болгон. Көрсө, атамдарды башка жакка айдабай эле, ушул жерге көмүп коюшкан экен да. 1961-жылы апам катуу ооруп калды. Тез жардам чакырып ооруканага алып келип жаткыздык. Дарыгерлер даярдана бергиле деп калышкан. Ал кезде гормондук дарылар жок болчу. Апамдын астмасы бар эле. Дарыларды Москвадан алдырып, оор абалдан чыгарып, апам жакшы болуп калды. Андан кийин 10 жыл жашады. Апам катуу ооруганда Чыңгыз акем да абдан кайгырды окшойт. Ошондо эне жөнүндө чыгарма жазайын деп ойлосо керек. Ал кезде атабыз жөнүндө материалдардын баары жашыруун деп чыгып атты. “Саманчынын жолу” чыгармасын жазганда апамдын тагдыры жөнүндө катуу ойлонгон го. Эне жөнүндө чыгарма жазып, анын эпиграфына “Ата, сенин көмүлгөн жериңди билбейм” деп жазган. Ошол чыгармасы атам менен апама арналган. Кийин апабызды көмгөндө “Атабызды таппай турган болдук” деп айтты. 1971-жыл кадыр-баркка жетип турган мезгил эле. Ошондо дагы КГБга кайрылганда “Белгисиз” деп айтпай коюшкан. Айла кетип, моюн сунуп, атабыздын көмүлгөн жерин таппайт экенбиз, апабыздын бейитине “экөөсү тең ушул жерде көмүлгөн деп жүрөлү” деп, экөөнүн сүрөтүн коюп, даталарын жазып, “Ата, сенин көмүлгөн жериңди билбейм” деген сөздү жазып эстелик койгонбуз. Бул да трагедиянын бир көрүнүшү.

— Чыңгыз агай Люксембургдан келгенден кийин Асанкуловго жолугуп, баарын тактаптырбы?

— Ооба, Чыңгыз акеми Кыргызстанга келгенин угуп Асанкулов өзү чакыртыптыр. “Атаңыздын баш сөөгүн таап берели. Өзүнчө көмөм десеңиз жанына бир комплект сөөк кошуп берели” дешкен экен. Чыңгыз акем “Жок, Кудай атамдын сөөгүн ушул кишилер менен бир мүрзөгө буйруган экен. Ушулар менен бирге болсун” деп жооп бериптир. Сөөктөрдү кайра Чоң-Ташка көмөбүз деп алып кетерде, эски аянтта митинг болгон. Ал жерге “Ата-Бейит” деген атты да Чыңгыз акем койгон. Мен ошол кезде абдан жаман болдум. Мага бул кабар абдан катуу тийди. Эч ким менен сүйлөшө албай, эч ким менен жолуга албай, үйдө айлам кетип атты. Ошол кезде Керез жеңемдин 60 жылдыгы болуп калды. Мени чакырды. Мен барбайм дедим. Керез жеңе “Эмнеге барбайсың?” деди. Мага аза күтүү болуп жатат десем, “Койчу, 53 жыл мурун өлгөн атаңа азыр аза күтмөк белең” деп койду. Мен барбай койдум. Керез жеңе мага таарынды, мен ага таарындым.

— Чыңгыз Төрөкуловичтин да сөөгү “Ата-Бейитке” коюлбадыбы. Өзү атамдын жанына койгула деп керез сөзүн айткан беле? Ошол чындыкпы?

— Ооба, ошентип суранган деп айтып жүрүшөт. Бул чындык эмес. Чыңгыз акем өзү суранган эмес. Чыңгыз Төрөкулович “Ата-Бейит” өзүнчө мемориал болот, ага эч нерсе кошулбайт” деп ойлогон болсо керек. Кийин биздикилер бузуп жиберишпедиби.

— Атаңыздардын сөөгү табылгандан кийин бир туугандар чогулуп сүйлөшкөн болсоңор керек. Үйдүн улуусу катары Чыңгыз агай эмне деген сөз айта алды?

— Чыңгыз акем “Атабыздын сөөгү табылды. Өзүнчө коём десеңер баш сөөгүн эле таап беребиз дешип жатат. Калган сөөктөрү башка адамдыкы болуп калса эмне кереги бар? Мындан сырткары Айтматовдордун колунан келип турат, атасынын сөөгүн бөлүп алды деген сөз болот. Кудай атабызга ошол кишилер менен бир мүрзөнү буйругандан кийин ошол жерде, ошол адамдар менен бирге болсун деп макул болдум” деди. Эртеси эски аянттан митингге катышып, “Ата-Бейитке” чыгып бардык. Ошондо атаңардын башы ушул жерде деп көрсөтүштү. Барганда ошол жерге гүл коюп жүрдүк. Азыр фамилиясы жазылган жерди эле көрүп жатабыз. Атабыздын жоктугу биз үчүн чоң трагедия. Чыңгыз акемдин юбилейин өткөргөнү Шекерге баратып жолдон Жамбулга токтодук. Шаханов да бар болсо керек эле. Ал жерден дасторкон даярдап коюшуптур. Москвадан жазуучулар, изилдөөчүлөр да келишкен. Баарыбыз дасторконду тегерете олтурдук. Ошолор “Эгер сиздин тагдырыңыз мындай болбогондо, атаңызды жоготпосоңуз, согуш чыкпаганда, татаал күндөрдү башыңыздан өткөрбөгөнүңүздө сизден залкар жазуучу чыкмак эмес. Мунун баары атаңызды жоготконуңуздан” десе, Чыңгыз акем “Бул абдан чоң жоготуу. Мен андан көрө жазуучу болбой койсом жакшы болмок” дебедиби. Ал атамды өзүнүн залкар жазуучулугунан жогору коюп, тирүү болуп, биз менен чогуу жүргөнү баарынан артык деген ойду айтты. Мүмкүн Чыңгыз акем чындыгында ошондой оор күндөрдү башынан өткөрбөсө тагдыры кандай болорун ким билмек эле. Атабыз Төрөкул тирүү болгондо мүмкүн Чыңгыз акем залкар жазуучу болбой, өз ишин мыкты билген окумуштуу болмок.



Булак: Жаңы Ордо

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->