$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Чубак ажы жубайын коркутуп жатабы? Милиция териштире баштады

952 0



Интернет тармагына Жалиловдун жубайы "Сезим" кризистик борборуна арыз жолдогону тууралуу маалымат тарады

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов өз жубайын коркутуп жатат делген маалыматты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы текшере баштады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

8-декабрда социалдык тармактарга Чубак ажы Жалиловдун жубайы Гүлнура Жалилова "Сезим" кризистик борборуна өзүн жана балдарын күйөөсүнөн коргоону сурап арыз менен кайрылгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Посттун алдына арыздын сүрөтү кошо тиркелген.

"Арыздануучунун жашаган жерине байланыштуу аталган маалымат Октябрь райондук ИИБинде каттоого алынды. Учурда милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.


Бул маселе боюнча Чубак ажы Жалиловдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрыларын билдиришкен. Бул боюнча Бишкек ШИИБ аалымды чакырып эки жолу аңгемелешүү өткөргөн.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->