$ 69.02 - 69.25
€ 80.77 - 81.55

ОшМЮИда эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

219 0


Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз Республикасында Президенттик институттун пайда болуусу, калыптануусу, өнүгүүсү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чаранын башталышында Кыргыз Республикасында Президенттик институттун пайда болуп, анын калыптануусун чагылдырган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Мында катышуучулар тема боюнча алгачкы маалыматтарга ээ болууга үлгүрүштү. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирди.

Конференцияны ОшМЮИнин ректору, юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, иш-чаранын негизги багыты мезгилдин актуалдуу темасы экендигин баса белгиледи. Андан кийин коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаев Президенттик институттун пайда болуп, калыптануусу өлкөбүздүн эгмендүүлүк жылдарындагы өнүгүү тарыхында өзгөчө орду бар экендиги тууралуу айтып, мындай темадагы иш-чараны республикадагы жогорку окуу жайлардын арасында биринчи болуп уюштуруп жаткан ОшМЮИнин жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Генералдык консулунун 3-катчысы Николай Мешерьяков жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулунун 2-катчысы Чжан Яндар да куттуктоолору менен бирге жылуу маанайдагы ой-пикирлерин айтып өтүштү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Абдивали Балтабаев өлкөдө Президенттик институттун киргизилиши мамлекеттик башкаруу ыкмасынын жаңыланышы экендиги тууралуу баяндама жасады. Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору Авазбек уулу Расул өзүнүн баяндамасында Президенттик институт өзүн актап, азыркы мезгилде өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы нугуна карай багыт алгандагын белгилеп өттү.

ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов «Кыргызстанда Президенттик институтту киргизүү жана Президенттерди шайлоо тарыхынан» деген темада илимий доклад окуп, Президенттик институттун түптөлүп, өсүп-өнүгүүсү жана көйгөйлөрү боюнча тарыхый мисалдардын негизинде маалымат берди. Айрыкча ОшМЮИнин Конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты Шырман Бакированын «Кыргыз Республикасында жана КМШ өлкөлөрүндө Президенттик институттун калыптанышы» аттуу темадагы илимий доклады жана ОшМЮИнин доцентин милдетин аткаруучу Төрөбай Насыровдун «Президенттин ыйгарым укуктары» деген темадагы илимий доклады мазмундуулугу жана тарыхый изилдөөлөргө байлыгы менен катышуучуларда кызыгууну ойготту. « Кыргыз Республикасынын бийлик тутумундагы Президенттин орду жана ролу» аттуу темада илимий доклад жасаган жаш окутуучу Сапар Жолчиев мамлекеттик башкаруудагы өзгөчөлүктөрдү илимий көз карашта кеңири ачып берүүгө аракенттенди.

Эл аралык конференция күндүн экинчи жарымында өз ишин үч секцияда улантты. Биринчи секциянын катышуучулары «Кыргыз Республикасынын Президенттик институтунун укуктук негиздери, өнүгүү этаптары, Президенттин мамлекеттеги орду жана ролу» деген теманын астында иштесе, экинчи секция «Кыргыз Республикасынын Конституциялык, укуктук мыйзам ченемдери жана алардын көйгөйлүү маселелери» аттуу темада, ал эми үчүнчү секция «Учурдагы гуманитардык жана так илимдердин көйгөйлүү маселелери» деген теманын багытында уланды. Конференцияга Россия Федерациясынан, Түркиядан, Казакстандан жана башка мамлекеттерден да түрдүү темалардагы илимий докладдар келип түштү. Секцияларда актуалдуу темалардагы илимий докладдар окулуп, кызуу талкуулар болуп өткөндүгү менен катышучуларда терең таасир калтырды.






KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->