Россиядагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду

192 0

Дипломатиялык өкүлчүлүк ушул тапта кыргыз диаспорасы менен биргеликте сөөктөрдү мекенине жеткирүү маселесин карап жатат



Бейшемби күнү таңкы саат бештер чамасында Россиянын Самара облусунда жол кырсыгы болуп, анда эки кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде айтылгандай, авария Самара облусунун "Урал" жолунун 82-чакырымында болгон.

"Облустук полициянын маалыматына таянсак, кырсыктан эки эркек каза болду. Алардын бири айдоочу, экинчиси жүргүнчү болчу. Жанындагы аял менен кичине бала жаракат алгандыктан, Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген", — деп айтылат билдирүүдө.


Кыргызстандын элчилиги каза болгондордун жакындары менен байланышка чыга алган. Дипломатиялык өкүлчүлүк ушул тапта Самарадагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте сөөктөрдү мекенине жеткирүү маселесин карап жатат.

Ал эми жаракат алган аял менен балага жардам көрсөтүү максатында, алардын кайсы ооруканада жатканы такталууда.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголо элек. Маселени элчилик өз көзөмөлүнө алды.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->