$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Кадамжайдагы унаа кырсыгынан 2 адам каза болду

599 0



Баткен облусунун Кадамжай районунда унаа кырсыгы катталып, эки адам көз жумду. Бул туурасында Turmush басылмасы билдирет.

Кырсык бүгүн, 7-декабрда саат 13:50 чамасында Кадамжай—Бүргөндү жолундагы Халмион айылында «Ниссан Примера» автоунаасы менен «Дэу Тико» унаасынын катышуусунда болгон.

Кадамжайдагы унаа кырсыгынан 2 адам каза болду


Унаалар кагышкан учурда 2 адам катуу жаракат алып, көп узабай көз жумушкан. Ошондой эле, 3 жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин укук коргоо органдарындагы кызматкерлер билдиришти.

Учурда окуянын чоо-жайы жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү такталып жатат.

Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->