$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Депутаттар өздөрүнө кызматтык унааларды кайтарганы жатышат

676 0



Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештеги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев депутаттарга кызматтык автоунааларды кайтаруу маселесин көтөрдү.

"Азыр депутаттардын техникалык мүмкүнчүлүгү жок. Жалгыз катчысы менен отурат. Эки жакка деле чыга албай жатабыз. Унаа да жок. Биз азыр элге керектүү 5 тыйынды үнөмдөйбүз деп алып эле элге пайдасы тие турган көп акчалардан кур калып жатабыз. Ошондуктан мен депутаттык артыкчылыктарды кайра кайтаруунун үстүнөн иштеп чыгууну сунуштайт элем", - деди Артыкбаев.

Ал эми "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова депутаттык артыкчылыктарды кайтаруунун зарылчылыгы жоктугун айтты.

"Ар бир фракцияда катчылыктар бар. Ал жерде 15ке жакын кызматкер иштейт. Депутат зарыл болгондо өз фракциясынын катчылыгындагы эксперттер менен иштешсе болот. Унаа боюнча, менин билишимче, 120 депутаттын ичинен 6 эл өкүлүнүн унаасы жок. Эки жылдан бери артыкчылыгы жок эле иштеп жатабыз. Биз эч кандай муктаждык сезген жокпуз", - деди Өмурбекова.

Ал эми комитет төрагасы Канат Керезбеков бул боюнча жумушчу топ маселенин зарылдыгын, Артыкбаевдин сунушун карап, изилдеп чыга турганын айтты.

Эске салсак, 2015-жылдын 25-ноябрында Жогорку Кеңеш кызматтык автоунаадан баш тартуу чечимин кабыл алган.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->