$ 68.37 - 68.59
€ 80.32 - 81.07

Күбө: туристтер "Манас" аэропортунун жүктөрдү алуу жериндеги абалга таң калышты(Видео)

2593 0

Күбө: туристтер "Манас" аэропортунун жүктөрдү алуу жериндеги абалга таң калышты

Күбө: туристтер "Манас" аэропортунун жүктөрдү алуу жериндеги абалга таң калышты(Видео)

Алар жүктөрүн жерге ыргытылган башка баштыктардын арасынан издөөгө мажбур болушкан.

Эл аралык "Манас" аэропортунун жүктөрдү алуу жеринен чет элдик жарандар өз жүктөрүн жерге ыргытылган түшкөн башка сумкалардын арасынан таба албай убара болгону тартылган видеону күбө WhatsApp номери аркылуу жиберген.

"Мына биз ушинтип туристтерди тосуп алабызбы? Бул баш аламандыкка өлкө бийлигинин көңүл буруусун каалайм", — дейт видеону жөнөткөн Жумаков.



"Манас" аэропортунун өкүлдөрү бул күнү жүк чыгаруучу аппарат бузулуп калганын айтышат.

"Бузулуу кыска гана убакытка 9 мүнөт гана болгон. Андыктан аэропорттун кызматкерлери жүктөрдү кол менен ташууга туура келди", — дейт "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова.


Анын айтымында, бул окуя бейшембиден жумага караган түнү болгон. Анда Россия менен Түркиядан каттамдар келген.

Булак: Sputnik
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->