$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Литвада жоголгон кыргызстандык жаран каза болгону аныкталды

962 1



Литвада жоголгон кыргызстандык Николай Хлебаевге байланыштуу маалыматтар жарыялангандан кийин коңшу Берарусиядагы Кыргызстандын элчилиги тактоо иштерин жүргүзгөн. Бүгүн түштөн кийин элчиликтин өкүлдөрү коңшу Литванын Каунас округунун полициясынын кызматкерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда белгилүү болгондой, жоголуп кеткени кабарланган Николай Хлебаев ур-токмоктон улам каза болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча Хлебаевдин өлүмүнө байланыштуу шектүүлөр кармалган. Литванын укук коргоо органдары тергөө иштерин улантууда.

Буга чейин Литванын delfi.lt маалымат сайты 64 жаштагы кыргызстандык жаран Николай Хлебаев Каунас-Клайпед автожолунда автоунаасы менен кошо жоголгонун жазып чыккан. Кыргызстандык жаран көк түстөгү «Mercedes-Benz Arctic» (катталган номуру S 5777 J) үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны айдап жүргөнү айтылган. Сайт Хлебаевдин жубайынын сөзүнө таянып, ал 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Кыргызстандын Литвада элчилиги жана консулдугу жок. Ошого байланыштуу окуяны Кыргызстандын Беларустагы элчилиги иликтеп жатат. Алар Литвада каза болгон маркумдун жакындарына укуктук жана башка жардам берүүгө аракет кылып жатышат.

Булак: Азаттык

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Улан
Улан 06.12.2017


Салам

-->