Бишкекте ВИЧ инфекциясын атайылап жуктуруу аракети жүрүп жатабы? Министрликтин жообу

1322 0

Социалдык тармактар менен мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдар жарандарга атайылап вирус жуктуруп жатканы боюнча маалыматтар таркап жатат



Акыркы беш жылдын ичинде "СПИД" республикалык борборуна шприц аркылуу ВИЧ жуктурган адамдар кайрыла элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте ВИЧ инфекциясын атайылап жуктуруу аракети жүрүп жатабы? Министрликтин жообу


Социалдык тармак менен мессенджерлер аркылуу Бишкектин кинотеатрларында белгисиз адамдар ВИЧ инфекциясына кабылган бейтаптар колдонгон шприцтерди таштап кетип жатканы боюнча маалыматтар таркап жатат. Анда "Сиз СПИДди жуктурдуңуз" деген жазуусу бар экени айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай маалыматтарды четке кагуу менен бул боюнча арыздар чын эле түшкөнүн маалымдады. Бирок көрсөтүлгөн шприцтерди текшере келгенде инфекция аныкталбаганын кошумчалашты.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->